Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Эне жана баланы коргоо борборунун 30 жыл турган имаратын оңдоо башталды


Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун толук бүтпөй турган имараты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун толук бүтпөй турган имараты.

Бишкектин Жал кичирайонунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бир канаты – жарым-жартылай бүткөн 3 кабаттуу имаратын оңдоо жана куруу жумуштары башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, имарат 1995-жылы курулуп башталып, толук бүтпөй калган. 11268 чарчы метр аянтты түзгөн жай дээрлик 30 жылдан бери оңдолгон эмес.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги медициналык жай экенин белгилеп, анда өлкөнүн булуң-бурчунан көп балдар дарыланарын, имарат толук бүтсө кызмат көрсөтүү дагы да жакшырарын айтты.

Имарат толук эксплуатацияга берилсе анда Гемодиализ борбору иштеп баштайт жана эндокринология, нефрология сыяктуу бөлүмдөр кеңейтилет.

Борбордун канатын оңдоо жумуштарын, аны медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоону Кувейттин "Ас-Сафа" коомдук кайрымдуулук бирикмеси каржылайт.

Мурдараак маалымдалгандай, каржылоо маселеси 9-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен "Ас-Сафа" коомдук кайрымдуулук бирикмесинин Кувейттеги негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен жолугушууда чечилген.

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо 2021-жылы кошумча жаңы имарат курулуп, анда Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылган. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышкан. Анын куруу иштерин, бардык зарыл медициналык жабдууларды, эмерек жана башка жабдыктарды камсыздоону "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси каржылаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG