Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Немис офицерлеринин тыңшоого кабылган себеби айтылды


Борис Писториус.
Борис Писториус.

Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку кызматтагы офицерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү ачык жарыяланып кетишине алардын бири корголбогон байланыш каналын колдонгону себеп болгон. Бул тууралуу 5-мартта өлкөнүн коргоо министри Борис Писториус билдирди жана атайын териштирүүнүн жыйынтыгы ушуну аныктаганын айтты.

Орусиялык атайын кызмат сүйлөшүүнү ошол учурда жаздырып алууга үлгүргөнүн кабарлаган министр немис армиясынын ички байланыш түйүнүнө сырттан «орусиялык тыңчылардын же башка бирөөлөрдүн» кийлигишүүсү болбогонун белгиледи.

Писториус офицерлер немис армиясынын серверлерине орнотулган WebEx (онлайн конференция же телефон чалууга ылайыкталган Zoom же Skype сыяктуу тиркеме) платформасынын анча корголбогон версиясы аркылуу сүйлөшкөнүн, байланышка чыккандардын бири ошол учурда Сингапурда жүргөнүн жана ал “корголбогон каналды”, башкача айтканда, мобилдик интернетти же мейманканадагы Wi-Fi байланышын колдонгонун билдирди.

«Телефондук сүйлөшүүнүн жаздырылып алынышына жеке катачылык себеп болгон. Сүйлөшкөндөрдүн баары эле коопсуздукту камсыздоо эрежелерин сакташкан эмес. Биздин маалымат боюнча, Сингапурда турган катышуучу корголбогон байланыш аркылуу чыккан».

Писториус Сингапурда ошол күндөрү аскердик авиашоу өткөнүн, ага европалык өлкөлөрдөн көптөгөн жогорку аскер кызматкерлери барганын, мындай иш-чара орусиялык тыңчылар үчүн накта “табылга” экенин кошумчалап, алешемдик кетирген кызматкерлерин катуу жазалабай турганын айтты жана “Путиндин оюндары үчүн өзүмдүн мыкты офицерлеримди садага чалбайм” деп белгиледи.

Германиялык офицерлердин Украинага жардам тууралуу сүйлөшүп жатканы делген 38 минуталык аудиону 1-мартта Кремлдин пропагандачысы, RT (Russia Today) мамлекеттик телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян жарыялаган. Тасмадагы сүйлөшүп жаткандар Украинага Германияда жасалуучу Taurus ракеталарын берүү ыктымалдыгын талкуулашкан. Аудиодо Taurus ракетасынын Орусиянын аймагын Украинанын 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралы менен байланыштырып турган 18 чакырымдык көпүрөнү жарактан чыгаруу жөндөмү тууралуу сөз болуп жатканы да айтылган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков интернетке тараган аудио «Батыштын Украинадагы конфликтке түздөн-түз кийлигишүүсүнүн далили», «Германия Орусиянын аймагына чабуул коюу планын мазмундуу жана так талкуулап жатканынын белгиси» деген пикирин айткан.

Бирок Германиянын канцлери Олаф Шольц эгер мындай ракеталар Украинага берилсе кырдаалды курчутушу ыктымал экенин айтып, андайга баруудан мурда эле баш тарткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG