Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

5-март: Мадумаров суралып бүттү, Крымда орус кемеси "жок кылынды"


Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров сентябрь айында кармалган.
Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров сентябрь айында кармалган.

5-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Кыргызстан эркиндик көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди

CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Буга өлкө парламентинде бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы "репрессиялык мыйзам долбоорлорун" кабыл алуу аракети, эки медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, 11 журналисттин камалышы, "Клооп Медиа" коомдук фондунун сот чечими менен жабылышы негиз катары көрсөтүлдү.

Буга чейин Freedom House эл аралык уюму Кыргызстанды төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес мамлекет" деп атаган. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

  • Адахан Мадумаров эки иш боюнча суралып бүттү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровдун соту болуп, ал “алдамчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча суралып бүттү. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Кубанычбек Туманов жабык сот отуруму бүткөндөн кийин “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, эмки отурумда Мадумаров акыркы сөзүн сүйлөйт. Мадумаров өзү отурумдан чыгып бара жатып, бүгүнкү отурумду “күндөгүдөй эле спектакль" деп сыпаттады.

Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

  • Тил комиссиясынын жетекчиси алмашты

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мелис Мураталиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Мурдагы төрага Каныбек Осмоналиев “президенттин демилгеси менен кызматтан алынганы” расмий кабарланды.

47 жаштагы Мелис Мураталиев - “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси.

Мамлекеттик тил комиссиясы 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы болуп түзүлгөн.

  • Украина: Крымда орус кемеси жок кылынды

Украина Орусия аннексиялап алган Крымда орусиялык деңиз кайгуул кемесин жок кылганын бүгүн 5-мартта билдирди. Өлкөнүн Башкы аскер чалгын башкармалыгынын маалыматына караганда, украиналык Group 13 атайын бөлүгү шейшембиге караган түнү Magura V5 деңиз дрондору менен Орусиянын Кара деңиз флотунун «Сергей Котов» кайгуул кемесине чабуул коюшту.

Операция Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү жана Санарип трансформация министрлиги менен биргеликте Керч булуңунан анча алыс эмес жерде, деңиздин Украинага таандык тилкесинен ишке ашырылганы, баасы 65 миллион долларлык кеменин арткы бөлүгү, оң жана сол капталы талкаланганы маалымдалды.

  • Израил БУУдагы туруктуу өкүлүн чакыртты

Израил Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Гилад Эрданды «чукул кеңешүү үчүн» чакыртып алганын 4-мартта бул өлкөнүн тышкы иштер министри Исраэл Кац билдирди. Министр БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Израилге кол салган күнү жасаган көптөгөн сексуалдык кылмыштары тууралуу берилген баяндаманы көз жаздымда калтырууга аракет кылып жатат деп айыптады.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Израилдин айыптоосун четке кагып, Гутерриш, тескерисинче, бул баяндаманын даярдалышын "толук колдогонун" айтты жана бул документ акыры ачык жарыяланганын белгиледи.

Египеттин борбору Каирде Газадагы согушту токтотуу боюнча мунаса табуу аракети уланууда.

  • Немис офицерлеринин тыңшоого кабылган себеби айтылды

Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку кызматтагы офицерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү ачык жарыяланып кетишине алардын бири корголбогон байланыш каналын колдонгону себеп болгон. Бул тууралуу 5-мартта өлкөнүн коргоо министри Борис Писториус билдирди.

Писториус офицерлер немис армиясынын серверлерине орнотулган WebEx платформасынын анча корголбогон версиясы аркылуу сүйлөшкөнүн, байланышка чыккандардын бири ошол учурда Сингапурда жүргөнүн жана ал “корголбогон каналды”, башкача айтканда, мобилдик интернетти же мейманканадагы Wi-Fi байланышын колдонгонун билдирди.

Германиялык офицерлердин Украинага жардам тууралуу сүйлөшүп жатканы делген 38 минуталык аудиону 1-мартта Кремлдин пропагандачысы, RT (Russia Today) мамлекеттик телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян жарыялаган.

"Азаттыктын" жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

XS
SM
MD
LG