Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Австриядан башпаанек сураган каракалпак активисти Польшага чыгарылды


Каракалпак активисттери Кошкарбай Торемуратов (артта) жана Акылбек Муратов.
Каракалпак активисттери Кошкарбай Торемуратов (артта) жана Акылбек Муратов.

Өзбекстандын жараны, Казакстандагы каракалпак диаспорасынын активисти, Австриядан башпаанек сураган Кошкарбай Торемуратов бул өлкөнүн борбор шаары Венадан Польшанын борбор калаасы Варшавага жөнөтүлдү. Ал Х социалдык түйүнүнө «Австриянын полициясы Вена–Варшава рейсине отургузду. Мени Дублин процедурасы боюнча депортация кылып жатышат» деп 29-февралда жазды.

Венадагы Freedom for Eurasia тобунун башчысы, укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбек активист азыркы тапта Варшаванын аэропортунда кармалып турганын «Азаттыктын» казак кызматына 1-мартта билдирди.

«Башпаанекке арыз берди. Укук коргоочулар кийлигиштик. Өзбекстандын жарандарына башпаанек берилбей турганын айтышыптыр. Поляк тилинде кыйкырып, басым жасап, кайсы бир кагаздарга кол коюуга мажбурлап жатышыптыр», — деди укук коргоочу.

Каракалпак активисти Наурызбай Менлибаев Польша өкмөтү Торемуратовго бул өлкөдөн 30 күн ичинде чыгып кетиши керектиги тууралуу билдирме бергенин «Азаттыкка» кабарлады.

Соңку жылдары Казакстанда жашап келген 48 жаштагы активист Торемуратов былтыр октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) конференциясына катышуу үчүн Варшавага барган.

Ошол жактан аны Өзбекстандын өтүнүчү боюнча кармашкан. Өзбек бийлиги активистти «конституциялык түзүлүшкө кол салуу» беренеси боюнча айыптап, издөө жарыялаган.

Лейла Назгүл Сейитбектин айтымында, Варшавадагы конференцияда ал Өзбекстанда каракалпактар дискриминацияга кабылып жатышканын айткан.

Кийин Торемуратов Австрияга барып, башпаанек сураган. Вена анын өтүнүчүн четке кагып, Польшага чыгаруу тууралуу чечимин 6-ноябрда жарыялаган.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. Уюм Астананы Казакстанда кармалган каракалпак активисттерин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө үндөгөн, алар мекенинде куугунтукка жана кыйноого кабыларын эскерткен. Буга чейин казак бийлиги алардын айрымдарына башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG