Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:09

УКМК Кайгуул милиция кызматкерлерин жыйын учурунда кармады


УКМКнын ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгындагы жыйыны. 29-февраль, 2024-жыл. УКМКнын сүрөтү
УКМКнын ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгындагы жыйыны. 29-февраль, 2024-жыл. УКМКнын сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 29-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул (Патрулдук) милиция башкармалыгынын кызматкерлерине жалпы профилактикалык иш-чара өткөрдү.
Анын жүрүшүндө жалпы башкармалык курамынын алдында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун ысымдары аталды. Алар УКМКга жеткирилди. Аталган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү кабарланды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул күнү УКМК кызматкерлери Бишкек ШИИБнын Кайгуул милиция башкармалыгынын аянтында жалпы курамдын жыйынын өткөрдү. Анда атайын кызматтын коррупцияга каршы күрөшү, Кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара алуу, опузалап талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз иштердин алдын алуу жана бөгөт коюу тууралуу сөз болду.

Иш-чарага башкармалыктын өздүк курамы, полк жана Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчилери катышкан.

Коопсуздук кызматы кызмат абалынан шектелип, УКМКга жеткирилген кайгуулчулардын санын жана аты-жөнүн ачыктаган жок. УКМК тараткан тасмада беш кызматкер ортого чыкканын көрүүгө болот.

УКМК тарабынан ИИМдин түрдүү башкармалыктарынын кызматкерлери пара алууга, опузалап акча талап кылуу жана башка коррупциялык иштерге шектелип кармалган учурлар арбын.

1-март күнү атайын кызмат ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалганын кабарлады. 19-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кармалган.

Январь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Жол кайгуул кызматынын тогуз кызматкери пара алууга шектелип кармалган.

Былтыркы жылдын аягында бир нече милиционер кылмыштуу топ түзүүгө, кылмыштуу топтор менен кызматташууга шектелип кармалганы маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG