Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Сомдун графикалык символу Unicode стандартына киргизилди


Сомдун графикалык символу.
Сомдун графикалык символу.

Улуттук банк Кыргызстандын расмий акча бирдиги - сомдун графикалык символу Unicode (ред: Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) стандартына киргизилгенин билдирди.

Сомдун графикалык белгиси “Microsoft Windows 11” версиясынан баштап “Microsoft Windows” операциялык системасына жана андан кийинки чыгарылыштагы бардык камсыздоо программаларына кошулду.

Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы “оң Alt+9” айкалышын терүү керек.

Сомдун графикалык символу 2017-жылы бекитилип, коммерциялык банктарга, жеке жактарга графикалык символду өндүрүштө, товар чыгарууда, тейлөө жарнамаларында, маалыматтык материалдарды жайылтууда колдонуу сунушталган.

Кыргызстанда улуттук валюта жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында киргизилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG