Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

IRI: Сурамжылоо Кыргызстанда жумушсуздук негизги көйгөй экенин көрсөттү


"Эмгек биржасы". Бишкек.
"Эмгек биржасы". Бишкек.

Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR эл аралык изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкан кыргызстандыктар белгилешти. Сурамжылоонун жыйынтыгы бүгүн 29-февралда жарыяланды.

Респонденттердин 27% негизги көйгөй деп баалардын жогорулугун, 20% жумушсуздукту, 10% коррупцияны, 3% турак жай маселесин, 2% миграцияны, 2% чек ара көйгөйүн айтышкан.

Жумушсуздук «Сиз жана сиздин үй-бүлөңүз үчүн кайсы көйгөй эң олуттуу болуп саналат?» деген суроого берилген жооптордун сап башына чыкты.

Жумушсуздук жеке көйгөй экенин айткандар былтыр 15% болсо, быйыл 25% болду.

Калк арасындагы жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Расмий эсепте жумушсуздук 5% тегерегинде деп айтылып келсе, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча бул көрсөткүч 9% болууда.

Эл аралык республикалык институт АКШ өкмөтү каржылаган уюм. Анын максаты - демократиялык курулуш жолундагы өлкөлөргө колдоо көрсөтүү. (RK)

XS
SM
MD
LG