Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Өзгөндө жайыт соттун жасалма чечими менен менчиктештирилип кеткени аныкталды


Өзгөн районундагы жайыттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөн районундагы жайыттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, чоң аянттагы жайыт жери соттун жасалма чечиминин негизинде менчиктештирилип кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүү учурунда “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Дөң-Булак айыл аймагынын Пайзабад участкасында жайгашкан 1,50 га жер тилкесин менчикке өткөрүп берип койгону такталган.

Алар аталган аянт токой жана жайыт категорияларында экендигин жана жеке менчикке берүүгө тыюу салынарын билип туруп, муну үчүн Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдагы жасалма чечимин колдонгон. 2022-жылдын 21-апрелинде М.С. аттуу жаранга жерге ээлик кылуу жөнүндө мыйзамсыз мамлекеттик акт жасалган.

Бул кылмыштык аракеттердин жыйынтыгында мамлекеттин кызыкчылыгына 14 млн 400 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Факт боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козгогон. Тергөө амалдарын жүргүзүү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG