Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Орусия мунай заводдоруна жасалган чабуулдан соң бензинди экспорттоого чектөө киргизди


Орусиянын мунай заводдоруна жасалган чабуулдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын мунай заводдоруна жасалган чабуулдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын өкмөтү 1-марттан тартып башка мамлекеттерге бензинди экспорттоого тыюу салды. “Азаттыктын” орус кызматы кабарлагандай, мындай чектөө украин армиясынын Орусиянын мунай заводдоруна жасаган катар чабуулдарынан кийин киргизилди.

Орусиянын вице-премьеринин өкүлү Александр Новак маалымат агенттиктерге бул тыюу жарым жылга киргизилгенин билдирди. Аталган чара өндүрүштүн кыскаруусунун фонунда ички рыноктогу сезондук суроо-талап учурунда баалардын кымбаттап кетишин алдын алат деп күтүлүүдө.

Мындан сырткары өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдор өндүргөн дизел отунунун 16%ын биржада сатууга милдеттендирилди. Буга чейин алар продукциясынын 12,5% ички базарда милдеттүү түрдө сатып келишкен.

Чектөө бардык экспортторго тиешелүүбү-жокпу, азырынча белгисиз. РБК басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен “мындай чара Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге, Монголияга, Өзбекстанга, Абхазияга жана Түштүк Осетияга тиешеси жок болушу мүмкүн” деп жазды.

2024-жылдын январь-февралында Орусиянын төрт ири мунай чыгаруучу заводдору, анын ичинде Волгограддагы, Туапседеги, Усть-Лугадагы жана Краснодар крайындагы заводдор учкучсуз учактардын чабуулуна кабылып, жабыр тарткан. Ошондой эле Нижегородск облусундагы мунайды иштетүүчү заводдо ири авария катталган. Мындан улам Орусияда бензин өндүрүү 2%га кыскарган.

Орусиялык РБК басылмасы кабарлагандай, мунун фонунда бензиндин АИ-92 жана АИ-95 үлгүлөрүнүн, ошондой эле дизель майынын баасы 23%га чейин кымбаттап кеткен.

Орусиянын өкмөтү күйүүчү майдын экспортуна былтыр күздө да кыска убакытка чектөө киргизген. Анда бул тармактагы эксперттер тыюу көпкө созулбай турганын белгилешкен. "Коммерсантъ" басылмасы жазгандай, талдоочулар мунун себебин күйүүчү майды сактоочу кампалардын аздыгы менен түшүндүрүп, чектөө узарса мунайды кайра иштетүү дагы кыскарып кетерин айтышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG