Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ошто жарык өчкөндүктөн театрда спектакль токтотулду


"Кайып эрен, кайып кыз" спектаклинен бир көрүнүш. Сүрөт 20-февралда тартылган.
"Кайып эрен, кайып кыз" спектаклинен бир көрүнүш. Сүрөт 20-февралда тартылган.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюлуп жаткан спектакль жарык өчүп калгандыктан токтотулду.

21-февралда Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романынын негизинде даярдалган "Кайып эрен, кайып кыз" спектакли ортологондо электр энергиясы өчкөнүн театрга барган көрөрмандар билдиришти.

Театрдин артисттери спектаклди токтотуп, бир саам ырдап концерт коюп, келгендерди узатып коюшту. Жетекчилик ушул күнкү билеттер менен 27-февралда театрга келсе болорун билдирди.

Аталган театрдан "Азаттыкка" бул жагдайды "авариялык өчүрүү" деп түшүндүрүштү.

Драманын сценарийин Абибилла Пазылов жазып, бет ачары 20-февралда болгон. Режиссеру - Талант Апыев.

XS
SM
MD
LG