Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Лейлекте орусиялык альпинист дайынсыз жоголду


Орусиялык альпинистти издөө маалында тартылган сүрөт.
Орусиялык альпинистти издөө маалында тартылган сүрөт.

Кыргызстанда дайынсыз жоголгон орусиялык альпинистти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издеп жатат. Аталган мекемеден 20-февралда кабарлашкандай, ал акыркы жолу 16-февралда Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан байланышка чыккан. Андан бери дайыны жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жоголгон альпинисттин аты-жөнүн жарыялаган жок, инициалы Г.Е. экенин билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулар менен кошо орусиялык үч альпинист да аны издеп жатат.

Былтыр июлда орусиялык үч жана литвалык бир жаран Кыргызстандагы Жеңиш чокусуна аттанып, дайыны чыкпай калган. Куткаруучулар аларды бир ай издеп, тапкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG