Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйү талкууланды


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров жана балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров жана балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров баштаган тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү олимпиадага чейин спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйүн талкуулашты.

Алар кыз-келиндер күрөшү залына барып, Парижде боло турган жайкы олимпиада оюндарына байланыштуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Ушу тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары суучул Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG