Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Энергетика министри Тажикстандагы ГЭСтерди көрүп келди


Energy Ministerliga Tazhikstandagy GESterdi korup keldi
Energy Ministerliga Tazhikstandagy GESterdi korup keldi

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев баштаган энергетиктер Тажикстандагы Нурек жана курулуп жаткан Рогун ГЭСтерине барып келишти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр баштаган топ Рогун ГЭСинин курулушу менен таанышып, андагы тажрыйбаны Кыргызстанда салынуучу Камбарата-1 ГЭСине пайдаланууну талкуулашты. Нурек ГЭСинде реконструкцияга боюнча маалымат алып, тажрыйбаны Кыргызстандагы Токтогул ГЭСин модернизациялоодо колдонуу керектигин белгилешти.

Эки өлкөнүн энергетиктери ири ГЭСтерди куруудагы көйгөйлүү маселерди сүйлөшүп, чек ара маселеси чечилгенден кийин бул тармакта кызматташуу жөнүндө пикир алмашышты. Кыргызстан-Тажикстан чек ара аймагында жогорку чыңалуудагы электр линиялары бар экенин белгилеп, жергиликтүү тургундарды электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну сүйлөшүштү.

Рогун - Тажикстандын тарыхындагы эң кымбат долбоорлордун бири. 2019-жылы анын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 222 млн. доллар сарпталган. Гидроэлектростанциянын долбоору Советтер Союзунун тушунда эле түзүлүп, курулушу башталган.

Бирок кийинчерээк жарандык согуш жана коңшулар менен келишпестиктерден улам курулуш токтоп, 2016-жылы кайра жанданган. Рогун ГЭСинде алты агрегат бар. Анын биринчи агрегаты 2018-жылы ишке берилген. ГЭС эксплуатацияга толук киргенде жылына 17 млрд. кВт электр энергиясын өндүрмөкчү.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча 2022-жылы баштаган. Баштапкы маалыматтарда ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Станция толук курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Бул Кыргызстандагы ушул таптагы эң ири Токтогул ГЭСинен чоң дегенди түшүндүрөт. Кыргыз бийлиги бул долбоорго ири ивестор издеп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG