Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Бишкекте активисттер Навальныйды Репрессия курмандыктарына арналган эстеликтин жанында эскеришти


Репрессия курмандыктарына арналган эстелик. Бишкек. 17-февраль, 2024-жыл.
Репрессия курмандыктарына арналган эстелик. Бишкек. 17-февраль, 2024-жыл.

Бишкекте абакта каза тапкан орусиялык активист Алексей Навальныйды эскергендер репрессия курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюп кетишүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысы Навальныйды эскерүүгө келгендер менен баарлашканда алар коопсуздуктан улам аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.

Журналист Семетей Аманбеков Фейсбуктагы баракчасына адегенде активисттер гүлдөрдү Орусиянын элчилигинин алдына коюшканын, бирок күзөтчүлөр аны дароо алып кеткенин жазды. "Азаттык" азырынча элчиликтен маалыматты тактай алган жок.

Орусиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын элесин урматтап көчөгө чыккан эки жүздөн ашуун адам кармалганын "Свобода" радиосу кабарлады. "Азаттыктын" казак кызматы эскерүү митингдери Астана, Алматы баштаган калааларда уюштурулганын жазды.

Оппозиционер Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда Федералдык жаза аткаруу кызматы кабарлаган. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган. Акыркы күндөрү ал Салехард шаарындагы колонияда болгон.

Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш анын өлүмүн тастыктап, "ал өлтүрүлгөнүн" X социалдык тармагына жазды.

Дүйнө коомчулугу Навальныйдын өлүмү үчүн Путиндин режимин айыптоода. Кремль азырынча буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG