Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Чет элдик инвестордун мүлкүн тартып алууга көмөктөшкөн судьяга иш козголду


Бишкектин Октябрь райондук соту. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин Октябрь райондук соту. Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүү учурунда “К.С.” жоопкерчилиги чектелген коомунун жооптуу адамы чет элдик инвесторго таандык кыймылсыз мүлктү алдамчылык жол менен реализациялап, көп кабаттуу имаратты 25 адамга сатып жибергени такталган. Сот муну билип туруп, 2022-жылдын 22-апрелинде аталган мыйзамсыз келишимдерди мыйзамдуу деп таап, чет элдик инвестордун менчик укуктарын бузган.

Башкы прокуратура бул факты боюнча судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (“Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу”) менен кылмыш иши козгоду. Тергөө амалдарын жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) тапшырылды.

Соттун кеп болуп жаткан чечимин жогорку сот органдары мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, жокко чыгарган.

Башкы прокуратуранын маалыматында Октябрь райондук сотунун судьясы аты же инициалдары келтирилген эмес. Судья жана анын адвокаттары бул боюнча комментарий берише элек.

Мунун алдында Башкы прокуратуранын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы, К.Н. аттуу судьяга кылмыш ишин козгогон. Былтыр күздө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун судьяларына кылмыш иши козголгон болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG