Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Аба ырайына байланыштуу Бишкек - Алматы жолу убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана Казакстандагы Кордой ашуусундагы кырдаалга байланыштуу Бишкек - Алматы жолу жабылганын билдирди.

Мекеменин маалыматында, кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер штаттык режимде иштеп жатат.

Чек ара кызматы айдоочуларды сапарды аба ырайына карап пландоого чакырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо жарандарды Казакстанга жана бул өлкө аркылуу Орусияга автоунаа менен жолго чыкпай турууга чакырды. Мекеме билдиргендей, Казакстандын 16 облусундагы республикалык маанидеги 100 жол участогунда транспорт кыймылына чектөө кирген.

“Абай, Акмола, Актөбө, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жети-Суу, Батыш Казакстан, Караганды, Костанай, Кызылордо, Павлодар, Түндүк Казакстан, Түркстан жана Улытау облустарында жолдор жабык. Министрлик Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлдөп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Гидрометеорология кызматы 16-февралда Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктап, 17-февралдан баштап аба ырайы кескин өзгөрө турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG