Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү качан жараксыз болорун түшүндүрдү


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү кайсы учурда жараксыз болорун түшүндүрдү.

Мекеменин басма сөз кызматынын 16-февралдагы маалыматында Казакстандын “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына ылайык, жашап турууга уруксат алган адамдардан тышкары, ал жакта убактылуу жүргөн чет өлкөлүктөр, анын ичинен кыргызстандыктар да өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн эркин пайдалана алат.

"Ал эми Казакстанда жашоого уруксат алган чет өлкөлүктөр 60 күн ичинде айдоочулук күбөлүгүн казак үлгүсүнө алмаштырышы керек", - деп жазылган маалыматта.

ТИМ “Жол кыймылы жөнүндө” Конвенциянын талаптарына жооп берген чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда зарыл документтер (паспорт, айдоочу күбөлүк, медициналык аныктама жана мамлекеттик алым төлөө) менен кошо эле теориялык экзаменди да жакшы тапшыруу талап кылынарын эскертти.

Маалыматта Кыргызстан менен Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болгондуктан, тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара тааный турганы да белгиленген.

Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча Астанадагы элчилик казак тарап менен консультацияларды, ал эми Казакстандын аймагында туруктуу жашап жүргөн кыргызстандыктардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Казакстанда полиция Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныбай жатканы тууралуу дооматтар акыркы эки аптадан бери айтыла баштады. 8-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Казакстанда жашап жаткан кыргызстандыктарга ал өлкөдө кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу салынып, Казакстандын күбөлүгүн алуу милдеттендирилип жатканын” айтып чыккан. Ал муну зарыл болсо эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин деңгээлинде чечүү керектигин айткан. Ушундай эле маалыматты парламенттин дагы бир депутаты Жанарбек Акаев 14-февралда билдирген.

Кыргызстандын ТИМи депутаттардын дооматынан кийин расмий Астанага кайрылып, Казакстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине казак жергесинде Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнгөн. Казак тарап бул багытта иштер жүрө турганын убада кылган.

Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу 8-февралда маалымдап, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул маселе боюнча жакын арада Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу мүмкүн экенин кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG