Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Прокуратура Бишкектеги милиция кызматкерлерине 77 иш козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат абалын кызматтык менен пайдаланып, мыйзамсыз жолго барганы аныкталганын маалымдады. Маалыматта шаардагы кайсы ички иштер башкармалыгынын же бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине иш козголгону ачык айтылган эмес.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, далилдерди бурмалап, адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан милиция кызматкерлерине карата прокуратура кылмыш ишин козгоду.

"Бети ачылбаган кылмыштар боюнча жабырлануучулардын колдорун жасалмалап, далилдерди бурмалап, кылмыш иштерди кыскарткан жана күнөөсү жок адамдарды мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан фактылар аныкталды", - деп жазылган маалыматта.

Милиция кызматкерлери уурулук фактылары боюнча жабырлануучулардын атынан тосмо арыздарды жана жарашуу келишимдерин жасалма жазып, колдорун коюшкан. Мындан тышкары жасалма көрсөтмөлөр менен кылмыш материалдарына жалган маалыматтарды киргизип, кылмыш иштерин өндүрүштөн мыйзамсыз кыскартышканы кабарланды.

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык"), 358-беренеси ("Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу") жана 361-беренеси ("Далилдерди бурмалоо") менен 77 кылмыш ишин козгогон. Бул иштер боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзмөкчү.

Прокуратуранын бул маалыматы боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

УКМК былтыр милиция кызматкерлерине карата "коррупция", "кызмат абалынан пайдалануу" беренелеринин негизинде бир нече кылмыш иштерин козгоп, айрым милиционерлерди кармап, камакка алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG