Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:11

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


Синоптиктердин чукул билдиришине караганда, 16-17-18-февралдарда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 18-февралда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул күндөрү айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

17-18-февралдарда абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9° суук болот.

Тоолуу аймактарда жана Суусамыр өрөөнүндө сууктун күчү түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° жетет.

Мындай суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

XS
SM
MD
LG