Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Казакстан: Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө ким буйрук берген?


Алтынбек Сарсенбаев "Ак жол" партиясынын тең төрагасы катары катышып жаткан съезд. Алматы. 2004-жыл.
Алтынбек Сарсенбаев "Ак жол" партиясынын тең төрагасы катары катышып жаткан съезд. Алматы. 2004-жыл.

Казакстандык оппозиционер саясатчы Алтынбек Сарсенбаев киши колдуу болгондон бери 18 жыл өттү. Аны менен кошо эки жардамчысы да тындым кылынган эле. Окуянын чоо-жайы тууралуу ачык, так маалымат алигүнчө жок. «Азаттык» радиосунун казак кызматы бул иштеги айрым суроолорго өз алдынча жооп издеди.

Казакстандык оппозиционер саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин, анын жардамчысы Бауыржан Байбосын менен айдоочусу Василий Журавлёвдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Алматынын жанындагы айылдардын биринин четинен табылган. Аларды колун артынан байлап, желкесине жана далысына атып өлтүрүшкөн.

Соттук териштирүүнүн натыйжасында бул кылмышка күнөөлүү деп мурдагы полиция кызматкери Рустам Ибрагимов жана Улуттук коопсуздук комитетинин «Арыстан» атайын бөлүгүнүн бир нече офицери, ал эми буюртмачы деп парламенттин Сенатынын аппарат башчысы Ержан Утембаев соттолгон.

Саясатчыны жардамчылары менен кошо «Арыстандын» кызматкерлери уурдап кетип, көзүн тазалашканы маалымдалган. Ошол кезде Улуттук коопсуздук комитетин Нартай Дутбаев жетектеп турган. Коомчулукка ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев анын арызын кабыл алганын гана жарыялап коюшкан.

Алтынбек Сарсенбаевдин, анын жардамчылары Василий Журавлев менен Бауыржан Байбосындын сөөктөрү. 13-февраль, 2006-жыл.
Алтынбек Сарсенбаевдин, анын жардамчылары Василий Журавлев менен Бауыржан Байбосындын сөөктөрү. 13-февраль, 2006-жыл.

НУРТАЙ АБЫКАЕВ ЖАНА АНЫН УБАДАСЫ

Коомчулукта Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү анын оппозициялык ишмердигине түздөн-түз байланышы бар экени тууралуу сөздөр айтылып келген. Нурсултан Назарбаев андай дегенге негиз жок экенин айтууга аракет кылып, 2006-жылы 2-мартта Ержан Утембаев ага кат жазып, үч адамдын өлүмүнө буюртма бергенин мойнуна алганын билдирген. «Утембаев күнөөсүн мойнуна алып, мындай кадамга эч кимдин басымы жок эле өзү барганын, себеби анын ар-намысына шек келтирген киши болгонун айтты. Бул тууралуу ал мага жазган жеке катында билдирди», — деген Назарбаев.

Утембаев анын жетекчиси, Сенаттын спикери Нуртай Абыкаевдин бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун айтып бергени маалымдалган. Коомчулуктун, оппозициянын жана каза болгондордун жакындарынын талаптарына карабастан, сот Нуртай Абыкаевди суракка чакырган эмес.

Ержан Утембаев. 2014-жыл.
Ержан Утембаев. 2014-жыл.

Нуртай Абыкаев азыр 77 жашта. Ал 30 жылдан ашуун убакыт бою экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон. Алгач жардамчысы, кийин администрация башчысы болуп иштеген. Ал өлкөдөгү эң таасирлүү мекемени – Улуттук коопсуздук комитетин эки ирет башкарган, Сенаттын төрагасы да болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматынын кабарчылары Абыкаевге телефондон байланышка чыгып, Сарсенбаевдин иши боюнча суроолору бардыгын айтышты. Абыкаев алгач журналисттер менен жолугууга, көзмө-көз отуруп, «айрым учурларды сүйлөшүүгө» макул болгон, жада калса убактысын да «бейшемби күнү түшкө маал» деп мерчемдешкен, бирок кайра байланышка чыкпай койду. Жардамчылары ал интервью бербей турганын айтышты.

«АРЫСТАНДЫН» ОФИЦЕРИ КИМДЕН КОРКОТ?

Бул кылмыштын буюртмачысы жана уюштуруучусу катары соттолгон Ержан Утембаев түрмөдөн шарттуу түрдө 2014-жылы бошотулган. Анын алдында Сарсенбаевдин иши сотто кайра каралып чыгып, негизги айып Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевге жана Алнур Мусаевге тагылган. Иштин кайра каралып чыгышына үч адамдын өлүмү үчүн соттолуп, түрмөдө отурган Рустам Ибрагимовдун 2012-жылы Жогорку соттун төрагасына жазган каты себеп болгон.

2013-жылы декабрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Ибрагимов кылмыштын буюртмачылары ким экенин айтып бергенин кабарлаган. Ошондон кийин мамлекеттик айыптоо Алиевге жана Мусаевге каршы жүргүзүлө баштаган. Алар экөө тең айыптоону четке кагып, иш жасалма экенин жана саясий мүнөзгө ээ болуп турганын айтып чыгышкан. Рахат Алиев 2015-жылы Австрияда түрмөдө каза болгон (расмий версия боюнча - өз жанын кыйган). Ержан Утембаев жүрөгү кармап 2018-жылы көз жумган.

2014-жылы Рустам Ибрагимовдун көрсөтмөлөрү өзгөргөндөн жана Башкы прокуратуранын билдирүүсүнөн кийинки соттук териштирүүгө кайтып келели.

Териштирүү кайра жүргүзүлгөндө, камакта отургандар баштапкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп айта башташты. Мурда коюлган айыптарды мойнуна албай келген Рустам Ибрагимов үч кишини өзү атып өлтүргөнүн айтты. Анын жардамчысы Виталий Мирошников окуя кандайча болгонун тизмектеп берди (Ибрагимов жана Мирошников азыр абакта отурушат). «Арыстан» бөлүгүнүн офицери болгон Едил Абикенов тапшырманы генерал Алнур Мусаев бергенин билдирди.

Рустам Ибрагимов. 2014-жыл.
Рустам Ибрагимов. 2014-жыл.

Едил Абикенов 2006-жылы 31-августта соттолуп, 14 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын соңунда, камакта отурганына 12 жыл болуп калганда аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө пробациялык негизде бошотушкан.

«Азаттыктын» кабарчылары Абикенов менен байланышка чыгып, сүйлөштү. Суроолорду анча жактыра бербей кабыл алган мурдагы күч кызматкери аларга «Сиз тергөөчүдөй болуп суракка алып жатасыз» деп улам ачууланып турду. «Эмне үчүн сиз 2006-жылдагы жана 2014-жылдагы соттук отурумдарда ар башка көрсөтмө бердиңиз эле?» деген негизги суроого ал төмөнкүчө жооп берди:

— 12 жыл түрмөдө отургандан кийин актануу же кимдир бирөөнү айыптоо эркектикке жатпайт. Антсем чекилик иш кылган болом. Мен өзүм күнөөлүүмүн, жазамды тарттым, бул негизгиси. Ооба, ошондой болду, бири буйрук берди, экинчиси аны аткарды. Анын баарын эми кайра сапыруунун, ким жаман, ким мага буйрук берди деп айтуунун кажети эмне?! Анын үстүнө бийликте эч нерсе өзгөргөн жок.

Алтынбек Сарсенбаев. 2005-жыл, ноябрь.
Алтынбек Сарсенбаев. 2005-жыл, ноябрь.

Едил Абикенов «адамдар абайлабай айтып алган сөзү үчүн каза болуп жаткан» учурларды мисал тартты. Ал суроолорго ачык жооп берүү жеке өзү үчүн кооптуу экенин айтты.

— Ал кезде бийлик да, заман да башка болчу. Бизден кийин Нурбанк иши болду (2007-жылы Нурбанктын эки топ-менежери Ж. Темиралиев жана А. Хасенов уурдалып, сөөгү төрт жылдан кийин табылган. Кылмышка айыптуу деп Рахат Алиев жана Алнур Мусаев аталган. — Ред.). Тема өзгөрдү, бийлик алмашты. Эгер мен ошондо баарын ачык айтып берген болсом, азыр сиздер менен минтип сүйлөшүп отурмак эмесмин. Кийин түрмөгө отурдум. Көнүп кеттим. Адамдар өзгөрдү, — дейт «Арыстан» отрядынын мурдагы офицери.

Кабарчы маек учурунда Абикеновго 2006-жылы тергөө жүрүп жатканда Казакстандын ички иштер министри болуп турган Бауыржан Мухамеджановдун жана башкы прокурор болуп иштеп турган Рашид Тусупбековдун сүрөттөрүн көрсөттү. Ал экөөнү тең тааныды жана «булар мени иш бөлмөлөрүндө суракка алышкан» деп айтты. Биз бул адамдар басым кылганбы, көрсөтмө беришиңизге таасир эткенби деп сураштырдык.

— Ошол кезде булардын бири ички иштер министри, экинчиси башкы прокурор кызматын ээлеп турушкан. Жалгыз менин гана эмес, кол астымда иштеген кызматкерлердин да тагдыры ушул адамдардан көз каранды болуп турган. Ал учурда эки вариант бар эле: же атууга кетүү, же түрмөгө камалуу. Эгер баарын моюнга алсаң, түрмөгө кесилмей. А эгер каршылык көрсөтө турган болсоң, башка жаза чарасы каралат. Эгер ошол жерде, мисалы, силер отурсаңар, башкача жооп бермексиңер. Кайсы гана тапшырма болбосун, маңдайыңда министр же башкы прокурор отурса, аткарылбай калбайт. Мен органдарда кызмат кылган кишимин, муну жакшы билем.

— Алардын максаты эмне болгон?

— Эмне экенин айта албайм. Биз көрсөтмөбүздү бердик. Ошол көрсөтмөлөрдүн негизинде өкүм чыгарышты.

— Сиздердин көрсөтмөлөр ошол адамдардын макулдугу жана таасири астында жазылып алынганбы?

— Биз башында кандай болсо, ошондой көрсөтмө бердик. Эч кимден эч кандай басым болгон жок. Биз тергөөгө өзүбүз барып, колго түшүп бердик. Себеби тыштан бирөө келип, өлтүрүп кетет деп корктук.

Андан соң «Азаттыктын» журналисти Едил Абикеновго Калмуханбет Касымовдун сүрөтүн көрсөттү. Окуя учурунда ал ички иштер министринин орун басары болуп иштеп турган (кийин Касымов ошол тармакта министрлик кызматты көп жылдар бою аркалаган). «Ал бардык сурактарга катышкан жана баарынан ачуусу чукул киши болгон» деди мурдагы офицер.

— «Эгер көрсөтмө бербей турган болсо, буларды сыртка алып чыгып, атып салгыла» деген эле ал. Биз ансыз деле көрсөтмө берип жатканыбызды, коркутуунун кереги жоктугун айттык. Бизге да ал кезде баары бир болуп калган эле. Ал келип, тергөөчүлөргө «Эмне үчүн булар үн катпайт? Бут кийимин чечип, бармак изин алып, атып салгыла» деп айтып жатты, — деп эскерүүдө Абикенов.

ЭКС-МИНИСТРДИН ЖАНА ТЕРГӨӨЧҮНҮН ЖООБУ

Едил Абикеновдун жообу тергөөнүн жана соттун акыйкаттыгынан башында эле жаралган күмөн жана шек саноону ого бетер күчөттү. Өткөнгө кылчайып көз чаптырсак, окуядан берки 18 жыл бою Сарсенбаевдин жана анын жардамчыларынын өлүмүн тергөө иши өлкөдөгү саясий абалга жараша өзгөрүп турганын баамдоого болот.

2013-жылы декабрда Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө «Рустам Ибрагимов полиграф (кишинин калп айткан-айтпаганын аныктоочу аппарат) аркылуу текшерүүдөн кийин ФБРдин агенттерине 2006-жылдагы кылмыштын буюртмачысы Рахат Алиев болгонун билдирген жана Алиев менен Мусаев анын үй-бүлөсүн коркутуп-үркүтүп жатканын айтып, расмий жооп берүүдөн баш тарткан» деп айтылган. Бул фактыны америкалык тергөө мекемеси да тастыктаган. Бирок бул маалымат иш кайра тергелген соң, жети жылдан кийин гана ачыкка чыккан. Бул учурда Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы өзүнүн таасири күчтүү кайын атасына каршы чыгып жаткан кез болчу.

2006-жылы Казакстандын ички иштер министри болуп турган Бауржан Мухамеджанов менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Бирок «Азаттык» радиосу ошол кезде анын орун басары болуп иштеген, кийин өзү ички иштер министри болгон Калмуханбет Касымовго телефон чалып, сүйлөшө алды.

— Келиңиздер, мындай кылалы. Биринчиден, мен мындай иштер тууралуу телефондон таптакыр сүйлөшпөйм. Экинчиден, барып тергөөчүлөр менен сүйлөшсөңүздөр болот, — деди экс-министр.

Тергөөгө түздөн-түз тиешеси болгон адамдардын бири — Гаши Машанло. 15 жыл мурда ал «Азаттыкка» маек куруп, Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө Рахат Алиевдин тиешеси жок экенин айткан. Машанло Ички иштер министрлигинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болгон. Аны менен байланыш бир маалда үзүлүп калды.

— Мен сиздер менен сүйлөшкүм келбейт. Бекер эле менин тынчымды алып жатасыңар. Сүйлөйүн деген таптакыр каалоом жок, — деп, Машанло телефонун өчүрүп койду.

Ошентип, Абыкаев да, Касымов да, Машанло да азырынча эч нерсе айткысы келбей турганын түшүндүк. Едил Абикеновдон тышкары «Арыстандын» башка офицерлери да сүйлөшүүдөн баш тартышты. Сарсенбаевдин жана анын жардамчыларынын сөөгү табылган жерди изилдеген соттук-медициналык эксперт Сабит Жансугуров да интервью бере албасын айтты.

Алтынбек Сарсенбаев жана анын эки жардамчысы так кайсы маалда өлтүрүлгөн? Ал Ибрагимовдон башка дагы кимдир-бирөө менен жолукканбы? Бул кылмыш жеке кастыктын айынан жасалганбы же кооптуу саясий аттандаштан арылуу аракети болгонбу? Бул сыяктуу суроолор көп жана аларга жооп 18 жылдан бери табылбай келет. Киши колдуу болгон саясатчынын тарапташтары жана жакындары суроолоруна тергөөдө да, сотто да жооп ала албаганын айтып келе жатышат.

ФБР АГЕНТТЕРИНИН ЖАКИЯНОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Саясатчы Галымжан Жакиянов — тергөөнүн адилеттигинен күмөн санагандардын бири. Каргашалуу окуядан бир нече күн мурда ал Алтынбек Сарсенбаев менен жолуккан, экөө көпкө сүйлөшкөн. Жакияновдун айтымында, 2013-жылы АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) кызматкерлери анын Сарсенбаев менен 2006-жылдын февралында Алматынын Ботаникалык багында болгон жолугушуусундагы сөздү эстөөгө мажбурлашкан. Ал кезде Жакиянов АКШнын Бостон шаарында окуп жүргөн.

Элчи Жон Ордуэй (солдо). 2013-жыл.
Элчи Жон Ордуэй (солдо). 2013-жыл.

— Биз Алтынбектин сунушу боюнча жолугуп, көчө бойлой бир аз бастык. Эшикте кар жаап, суук болуп турганынан чай ичели деп «Рамсторго» (соода борбору — Ред.) кирдик. Кафеге кирсек, анда бир-эки киши отурган экен. Биз бетме-бет отуруп калдык. Бирөөнү дароо тааныдым. Ал Кушмурун колониясында мени менен бирге отурган эле (2002-жылы Жакиянов саясий иштин негизинде эки жылга эркинен ажыратылган — Ред.). Экинчисин тааныбайт экем. Алтынбек аны тааныгандай болду. Анан Алтеке «жүр кетеличи, бул кооптуу жер экен» деп калды да, биз чайыбызды ичип бүтпөй эле чыгып кете бердик, — дейт ал.

Жакияновдун айтымында, ФБРдин кызматкерлери кийин ага жолугуп, Сарсенбаев экөө кафеден жолуккан кишилердин сүрөтүн көрсөтүшкөн. Жакиянов түрмөдө чогуу отурган кишини дароо тааныган. Ал эми экинчиси Рустам Ибрагимов экени белгилүү болгон.

— Алар «Сиз бул кишини кафеден көргөнсүз» деп айтышты. Мен таң калдым. Анткени ага чейин Ибрагимовду эч жерден көргөн эмесмин. Ал ким экенин жана биздин артыбыздан эмне үчүн аңдып жүргөнүн 2013-жылы гана түшүндүм, — дейт Жакиянов.

Ибрагимовдун жанындагы Жакиянов тааныган киши — бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Сапабек Мырзагалиулы Мукушев. Казакстандык басылмалардын маалыматына караганда, ал бир нече жолу соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Былтыр Костанайда ага каршы дагы бир кылмыш иши козголгону кабарланган.

Мукашев тууралуу 2012-жылы Guljan.org жана «Дат» басылмалары жарыялаган катта айтылган. Автору ким экени белгисиз бул катта Костанай шаарында туулуп-өскөн, Бек деген каймана аты бар криминалдык авторитет Мукушев Сарсенбаевдин ишине байланыштуу кармалганы, бирок кийин коё берилгени маалымдалган. Анын бармак изи Сарсенбаевдин машинасынан табылган фото сүрөттөн аныкталганы айтылган. Бирок расмий тергөө Мукушевдин бул ишке тиешеси бар же жогу тууралуу азырынча эч кандай маалымат бериле элек. «Азаттык» Мукушевдин өзү менен байланыша алган жок. Ал боюнча Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн суроого да жооп болгон жок.

— Бул маанилүү, бирок биринчи орунда турган башкы маселе эмес. Башкы маселе – кылмыштын уюштуруучусу ким болгон, буйрукту ким берген? Ушул суроо жоопсуз турат. Башында Утембаев дешкен, кийин аны бошотуп коюшту. Анан ишке Рахат Алиевдин тиешеси бар деп расмий жарыялашты. Кыязы, бийликке, саясий жактан алып караганда, ошондой ыңгайлуу болгон чыгар, — дейт саясатчы.

2014-жылы Рустам Ибрагимов «Рамстор» соода борборуна Алнур Мусаевдин тапшырмасы менен барганын, ал жактагы кафеден Алтынбек Сарсенбаевди жана Галымжан Жакияновду көргөнүн айтып берген. Ал жанында дагы бирөө болгонун айткан, бирок ким экенин тактаган эмес.

2006-жылы Казакстандын бийлиги АКШга ФБРге кайрылып, Алтынбек Сарсенбаевдин жана анын эки жардамчысынын өлүмүн иликтөөгө жардам сураган. ФБР шектүүлөрдү суракка алып, аларды полиграф аркылуу текшерткен.

АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси Жон Ордуэйдин Wikileaks жарыялаган телеграммаларында да Сарсенбаевге байланыштуу ишке ФБР тартылганы тууралуу маалымат бар. Алардын чын-төгүнүн текшерүү мүмкүн эмес. Бирок элчинин расмий маалыматында да кылмышка башка адамдардын тиешеси бар болушу ыктымалдыгы, министрдин орун басары Касымовго полиграф аркылуу Утембаев менен Ибрагимовду кайра текшерүү сунушталганы, бирок жооп болбогону айтылган.

Дагы бир баяндамада Казакстандын Ички иштер министрлиги тергөөнүн чоо-жайын билиши ыктымал кызмат адамдарынын санын бешке чейин кыскартканы маалымдалган. Элчи Ордуэй президент Назарбаев тергөөнү аягына чыгарабы же жокпу деген суроо ачык бойдон калып жатканын билдирген. «Азаттык» дипломат Жон Ордуэйге жеке баракчасы аркылуу кат менен кайрылды, жооп азырынча боло элек.

Сарсенбаевдин жакындары ФБРдин иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен таанышууга бир нече жолу аракет кылышты. Казак тарап бул АКШ өкмөтүнүн менчиги экенин айтууда, ал эми АКШнын Казакстандагы элчилиги текшерүүнүн корутундусу Казакстандын тергөө органдарына өткөрүп берилгенин, андан аркысына кийлигишүүгө акысы жоктугун билдирүүдө. Жакияновдун пикиринде, бул маселеде америкалыктардын жообуна ишенген оң.

— Тапшырманы Казакстандын бийлиги берген. Балким алар үчүнчү тарапка маалымат бербөөнү макулдашышкан чыгар. ФБР тапкан материалдар, менимче, Казакстандын тергөө органдарынын колунда турат. Ошол материалдарды алар каалашынча колдоно алышат. Колдонбой, тескерисинче, жашырып жатышат, — дейт Галымжан Жакиянов.

2022-жылы сентябрда маркум саясатчынын 60 жылдыгын эскерип жатышкан иш-чарада жесири Салтанат Атушева «Алтекенин өлүмү тууралуу чындыкты ачуу азырынча эрте, убактысы келе элек» деп жооп берген.

Сарсенбаевдин жесири Салтанат Атушева. 2012-жыл.
Сарсенбаевдин жесири Салтанат Атушева. 2012-жыл.


Галымжан Жакиянов Алтынбек Сарсенбаевдин жана Заманбек Нуркадиловдун ишин кайра тергеп чыгууга убакыт келди деп эсептейт. Анын пикиринде, бул иштер — азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин тарыхтагы ролун аныктоочу факторлордун бири.

КАЗАК ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖООБУ

«Азаттык» саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү боюнча суроолорун Башкы прокуратурага бир нече жолу жөнөттү. Бул макалада аты аталган Сапабек Мукушевдин окуяга тиешеси барбы же жокпу, текшерүү болгонбу же жокпу деген суроолор жоопсуз калууда.

Башкы прокуратуранын жообуна караганда, Рахат Алиев жана Алнур Мусаев шектелген териштирүү 2018-жылдын март айында токтотулган. Бирок жооп каттын мазмуну көрсөтүп тургандай, иш аягына чыга элек. Башкы прокуратура Рахат Алиев Вена шаарында түрмөдө 2015-жылы каза болгонун, ал эми анын үзөңгүлөшү, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Алнур Мусаевди Австриянын укук органдары Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып коюшканын маалымдады. Тергөө кайра уланабы же жокпу, мекеме тактаган жок.

XS
SM
MD
LG