Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:26

Судья үч жолку эскертүүдөн кийин Мадумаровду сот залынан чыгарды


Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.

13-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча шектелип жаткан Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду сот залынан чыгарды. Жактоочу Кубанычбек Тумановдун айтымында, күбөлөр суралып жаткан учурда судья Мадумаровго үч жолу эскертүү берген.

"Сот акыйкат каралсын деп талап кылып, судья менен айтышып кеткенден кийин эскертүү берилди. Кийин сот залынан чыгарып салды. Жараян Мадумаровдун катышуусуз эле каралды", - деди адвокат.

Тумановдун айтымында, бул күнү алты күбө суралды. Ал аралыктан сурала турган жана абактан алып келе турган күбөлөр бар экенин кошумчалады.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланып, көрсөтмө берүү үчүн коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Амангелди Бакиров жана Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Саитжан Эратов келген.


Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 30дан ашык адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG