Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:25

Каракол шаарындагы эки базардын ээси кармалды


“Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси, кармалган адам. УКМК тараткан сүрөт.
“Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси, кармалган адам. УКМК тараткан сүрөт.

Жарандардан түшкөн арыздарды кароонун алкагында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Каракол шаарындагы “Бугу” жана “Макиш” соода базарынын ээси, Р.А.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-февралда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ал узак убакыт боюу аталган базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошол эле маалда алынган пайданын реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган. Ошондой эле базар ээси соода жайларын башка ишкерлерге өткөрүп берүү опузасы менен контейлерди бир эле адамга бир нече жолу сатканы такталган.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүгө таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылуусун өтүнгөн.

Кармалган адамдын адвокаттары жана жакындары атайын кызмат койгон айыптоолорго комментарий бере элек.

Былтыр ноябрь-декабрда Кыргызстандагы бир катар базарлардын соодагерлери патенттин жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинелер милдеттүү түрдө киргизилип жатканын нааразылык билдирип чыккан. Мындан кийин президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарлар мамлекетке өткөрүлөрүн” эскертишкен.

Мунун артынан бир катар базарлардын жетекчилери кармалган. Базар ээлеринин жана жетекчилеринин көбүнө соодагерлерден алган акчасын салык органдарына туура эмес көрсөткөн, кирешесин жашырган, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу айыптар тагылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG