Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:22

Орусия Британиянын 18 жаранына санкция салды


Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы демонстрация. Лондон, 6-март, 2022-жыл
Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы демонстрация. Лондон, 6-март, 2022-жыл

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британиянын 18 жаранына каршы санкция киргизди. Аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

«Кара тизмеге» Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Картлиж, Коргоо штабынын башчысынын орун басары Чарльз Уокер, премьер-министрдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Сара Макинтош, парламенттин мүчөлөрү Дэниел Ханнан, Майкл Эшкрофт, Рэй Коллинз жана башкалар камтылды.

Андан тышкары санкцияга Оксфорд, Кембриж, Лондон университеттеринин, башка окуу жайлардын өкүлдөрү кирген.

Орус тышкы саясий мекемеси мындай чаралар «Лондондун конфронтациялык багытынан», Орусияны мокочо кылып көргөзүү аракеттеринен, Украинаны курал-жарак менен камсыздаганынан улам көрүлгөнүн билдирди.

Ушул эле күнү "Росфинмониторинг" мекемеси Meta компаниясынын басма сөз катчысы Энди Стоунду экстремисттердин жана террористтердин тизмесине киргизгени маалым болгон. Компания Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылат.

Мындан эки жыл мурун Meta украиналык колдонуучулардын “орус баскынчыларына өлүм” деген постторун бөгөттөөдөн баш тартканда Орусиянын Тергөө комитети компанияга каршы кылмыш иш козгогон. Чечим тууралуу Стоун жарыялаган.

Meta 2022-жылдын мартында Орусияда экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG