Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстан 15,2 млн көчөт импорттоп, 3,6 млн көчөт экспорттоду


Кыргызстандагы көчөт базарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы көчөт базарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөлөрдөн 15 285 384 даана көчөт ташып келди. Бул тууралуу 12-февралда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Сырттан алынып келинген көчөттөрдүн 6 миллиондон ашыгы мөмө-жемиштер, 5 миллиондон ашыгы гүлдөр жана 3 миллионго жакыны декоративдүү өсүмдүктөр.

Ошол эле маалда Кыргызстандын багбандары былтыр чет жакка 3 654 912 даана көчөт экспорттогон. Анын көбү гүлдөр, калганы мөмө-жемиштер жана декоративдүү өсүмдүктөр.

Ушул тапта өлкөдө багбандар көчөт өстүрүп иш алып барып жаткан 100 гө чукул жеке менчик питомниктер бар. Алардын арасында 149,1 га түзгөн 14 ири питомник көчөттөрдү өстүрүүгө материалдык техникалык базасы, аянттары “талапка жооп берет” деп табылып, атайын макам берилди. 2024-жылдын жазгы сезонуна карата даярдалган аларда 3 миллиондон ашык көчөт бар экени маалымдалды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мурдагы жылдары Кыргызстан канча көчөт экспорттоп-импорттогонун, былтыр андан көп болдубу, же аз болдубу тактаган жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG