Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Казакстанда шахтага түшүп кеткен автобусту издөө токтотулушу мүмкүн


Автобус кулаган жердеги оор техникалар. Павлодар, Казакстан.
Автобус кулаган жердеги оор техникалар. Павлодар, Казакстан.

Казакстандын Павлодар облусунда эски шахтанын кууруна төрт киши менен түшүп кеткен автобусту куткарууга тартылган адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Куткаруу иштери бир айдан бери жүрүп жаткан.

Министрлик 3-февралда билдиргендей, куур казылган "Майкаиналтын" кенинин аймагында жаракалар пайда болгон, бул жаңы көчкүлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Издеп-куткаруу иштерин жүргүзүүгө жер көчкүдөн тышкары катуу суук жана күчтүү бороон жолтоо болуп жатканы да кабарланууда.

ӨКМ издеп-куткаруу иштери токтотулушу ыктымалдыгын билдирип, мындай чечимди кендин жетекчилиги менен чогуу атайын топтун башчысы кабыл аларын маалымдады.

Ичинде үч куткаруучусу бар автобус 4-январга караган түнү авариялык чакыруу боюнча баратып тереңдиги 200 метрден ашуун эски шахтага кулап кеткен. Эки куткаруучунун - 24 жаштагы Бердикан Саркыт менен 52 жаштагы Олег Тышкевичтин сөөгү ошол эле күнү табылган. Дагы эки адамдын - 36 жаштагы Айдос Шаймерден менен 55 жаштагы айдоочу Айып Тлеубергеновду издөө уланып жаткан.

"Майкаиналтын" ишканасынын 100% акциясы Кипрде катталган Rence Enterprises компаниясына таандык. Компанияга Сербиянын жараны Милан Попович ээлик кылат. Ишкана алтын жана алтын камтылган кендерди казуу жана иштетүү менен алектенет.

XS
SM
MD
LG