Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

ЖЭБдеги кырсык: Ажикеев Орусиядан адистер келерин айтты


Жарылуудан кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан Бишкек ЖЭБи. 3-февраль, 2024-жыл.
Жарылуудан кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан Бишкек ЖЭБи. 3-февраль, 2024-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууда бир да от казан бузулган эмес. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 3-февралда журналисттерге билдирди.

"Бардык от казандар бүтүн. Бири да казан жарылган эмес. Сынып же жарака да кеткен эмес. Коргонуу системасы жакшы иштеген. Учурда аларды улоо жана аларды электр менен жабдуу иштери гана жүрүп жатат. Жылуулуктан тышкары ысык суу да бериле баштады".

Министр Ажикеев Орусиядан да кошумча адистер келери күтүлүп жатканын, аны менен чогуу аткарылуучу иштер талданып жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, жылуулук сезону аяктагандан кийин президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы долбоорлор ишке кирет.

3-февралдын таңында Бишкек жылуулук электр борборунда жалпы 245 мегаватт кубаттуулукта алты от казан иштеп жатканы кабарланган. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 68 градуска чейин жеткен. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор. Акыркы маалыматтарда алар дарылануу үчүн Түркияга жеткирилери кабарланды. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG