Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

АКШ Сирия жана Ирактагы иранчыл топторго чабуул койду


"B-1" бомбадири. Иллюстрациялык сүрөт.
"B-1" бомбадири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жума күнү кечинде АКШ Сирия жана Ирактагы иранчыл топторго чабуул жасады.

Бутага штаб, командалык түйүндөр, чалгын борборлору жана курал-жарак кампалары алынганы кабарланды. Чабуул иранчыл топтордун Иорданиядагы аскер базасын аткылоосуна жооп катары жасалды. Анда америкалык үч аскер мерт кетип, кырктан ашууну жараат алган.

АКШ өкүлдөрү бул Иранган эскертүү экенин, аймактагы америкалык аскер базаларына, Кызыл деңиздеги соода кемелерине кандай гана чабуул жасалбасын, жоопсуз калбай турганын билдирди.

Пентагон маалымдагандай, чабуул Сирия менен Ирактагы 85 обьектиге жасалып, 125 ракета жана башкарылуучу бомбалар менен аткыланды. Операцияны АКШда жайгашкан базанын бомбардирлери жүргүзгөн. Ал эми аймактагы учактар резервде кармалып турат.

АКШ президенти Жо Байден мерт болгон үч америкалык аскер үчүн өч алуу максатында иранчыл күчтөргө чабуул жасоого буйрук бергенин билдирди.

"Биздин жооп бүгүн бериле баштады, мындан ары да уланат", - деди Байден.

АКШ президенти мындан аркы аракеттери зарылчылыкка карай жүргүзүлөрүн айтты.

Америка бийлиги Иран Сирия жана Ирактагы аскер базаларынын аткыланышына жооп бере турганын эскерткен.

Байкоочулар бул операция ири жана узак болорун айтышууда. Ак үйдүн өкүлдөрү АКШ Ирандын аймагына чабуул жасабасын, Вашингтон Тегеран менен түз жаңжалга баргысы келбей турганын билдиришти.

АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер кызматкерлери пайдаланып келе жаткан Ирактагы жана Сириядагы аскер базалары иранчыл топтор тарабынан чабуулдарга кабылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG