Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

"Ислам мамлекети" террордук уюму Стамбулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды


Санта-Мария чиркөөсүнүн алдындагы полиция кызматкерлери. 2024, 28-январь
Санта-Мария чиркөөсүнүн алдындагы полиция кызматкерлери. 2024, 28-январь

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюму жекшембиде Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Бул тууралуу Associated Press аталган топко таандык Amaq агенттигиндеги билдирүүгө таянып жазды.

ИМ өз билдирүүсүндө анын согушкерлери католиктердин чиркөөсүнө диний жөрөлгөлөрдү жасап жаткан учурда кол салганы белгиленген. Билдирүүдө курал-жарагы бар, беткап кийген эки адамдын сүрөттөрү кошо көрсөтүлгөн. Алар Стамбулдагы чиркөөдө ок чыгаргандар экени аныкталган.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая кол салуудан кийин кармалгандардын экөө ИМдин мүчөлөрү экенин билдирди. Анын айтымында, кол салуудан соң полиция Стамбулда ИМдин тарапкерлери жайгашышы мүмкүн болгон 30дан ашык жерди тинтип, террорчулар менен байланышы бар деген шек менен 47 адамды кармаган.

28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө болгон.

Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл 52 жаштагы Тунжер Жихан атуу киши каза тапканын, башка жараат алгандар жок экенин кабарлады.

Өткөн айда Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен 30дан ашуун киши кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG