Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Арстанбектин ааламы: "Тар замандагы" тарыхый арман


Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878).
Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878).

Социализм тушунда Арстанбектин чыгармалары идеологиялык зыяндуу, реакциячыл деп бааланып, эчен жылдар тыюу салынып келди. Жарамсыз система тарыхый тактысынан шыпырылып түшкөндөн кийин улуу акындын адабий мурасына жол ачылды.

Аягына чыкпай калган изилдөө

Совет заманы коммунисттик идеологиянын сазына бата элегинде Арстанбек Буйлаш уулунун (1824 - 1878) чыгармалары мектептерде, жогорку окуу жайларында окутулчу, адабий изилдөөлөр жарыялана баштаган. 1941-жылы адабиятчы Тазабек Саманчиндин “Арстанбек” деген көлөмдүү эмгеги чыккан. Анда кылымда бир жаралчу залкардын ырчылар поэзиясына алып кирген жаңылыгы, комузчулук, айтуучулук өнөрү боюнча бир топ кызыктуу маалыматтар келтирилген, кысталыш доордо жашаган акындын айтылуу поэмасынын тарых-таржымалы баяндалган.

Көнүмүш жашоо ыңгайынан жаңы доорго өткөн көчмөн элдин тарыхый-социалдык кабатырлыгы Арстанбек акындын “Тар заман” поэмасынын негизин түзгөн, акындар чыгармачылыгынын тарыхында “Замана” адабий агымы катары сыпатталган көркөм феномендин жаралыш-өнүгүшү кандай тарыхый шарттан келип чыкканын Тазабек Саманчин так белгилеген. Коммунисттик идеологдордун куйкасын куруштурган ал агым социализм тарыхый тактысынан кулап түшкүчө реакциячыл деп айыпталып, тыюу салынып келди. Репрессиянын капшабынан Арстанбек акындын өмүрүн, чыгармачылыгын изилдөө токтотулган. Ошону менен XIX кылымдагы акындар чыгармачылыгы баам сыртында калган, улут адабиятынын жаралыш тарыхы 1917-жылкы Өктөбүр революциясына, компартиянын догмасына байланган.

Антип сталиндик репрессиядан көзү өтүп кеткен улуу таланттар гана жабыркабастан, өмүрүн “Манас” эпосу башында турган эл оозеки чыгармачылыгын, акындар поэзиясын изилдөөгө арнаган илимпоздор да камакка алынган.

1950-жылы “Манастын” кара сөзүн, эл оозеки чыгармачылыгын изилдеп, окуу китептерин жазган Зияш Бектенов, Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин, аларга кошо алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү Тукей Кекиликов камалган.

Согуштан кийинки репрессияга туш келгендердин баары Карагандыдагы түрмөгө – КарЛАГга түшкөн. Ал жерде илешкен оорунун азабын тартып жүргөн Ташым Байжиев каза болгон.

Бийликке келгенден тарта куугун-сүргүндөн тажабаган коммунисттик өкүмдар И.Сталин каза болгондон кийин тыюу-чектөө тизгини бир аз жайылып, абакта, сүргүндө жүргөндөрдүн көбү бошотулган.

Алардын катарында Тазабек Саманчин да 1956-жылы Карагандыдагы абактан чыккан. Таланттуу адабиятчыга иштөөгө уруксат беришкени менен, анын илимий кызыкчылыгына кирген “замана” адабиятын, Арстанбек акындын адабий мурасын изилдөөгө уруксат беришкен эмес. Арстанбек акын башында турган “заманачылар” “акталган” эмес, алардын адабий мурасы дагы бир топ жыл темир сандыкта катылып, баам сыртында калган. “Замана” адабий агымын изилдөө, көркөм феномендин чоо-жайын чечмелөө социализм тарыхый тактыдан кулап түшкөндөн кийин жанданды, Арстанбектин акындык жылдызы ошондо жанды.

Эстелик

Ушу тапта Бишкектин чок ортосундагы бакта Тоголок Молдо, Осмонкул, Арстанбектин эстеликтери турат. Мына ушул үч залкардын айкелдери акыйкаттык эртеби-кечпи келерин, артында өлбөс из калтырган залкар татыктуу ордун табарын айгинелеп турат. Арстанбек, акыйкатта да, терең изилденип, кийинки муундагы окурмандарга таанытыла турган залкар, орошон ойчул, өзү жашаган замандын социалдык портретин таасын тартып берген зирек акын. Анын ондогон күүлөрүн, көркөм сөздү сыйлагандар арасында аңыз катары айтылган чыгармаларын эмес, жалгыз “Тар заманын” гана катарга кошсо деле залкардын улуттук көркөм сөз өнөрүнөн алчу орду кемимек эмес.

Арстанбек Буйлаш улуу.
Арстанбек Буйлаш улуу.

Арстанбектин акындык өнөрү колониялык доордогу ырчылар тобунан калдайып бөлүнүп турарын, “ыр чыгаруу чебердиги жагынан Арстанбек өзүнө доордош акындардын баш үлгүсү” экенин, “өз заманын, ошол учурда болгон бардык окуяларды Арстанбекчелик таамай айтып, даана көрсөткөн” нукура акындар ал кезде деле аз болгондугун, “кыргыз поэзиясында болгон көп касиеттерди жалгыз Арстанбектин ырларынан бүт учуратууга” болорун Тазабек Саманчин баса белгилеген.

“Арстанбектин ырлары да Калыгулдун маселиндей маанилүү, Көкөтөй менен Куйручуктун сөздөрүндөй таамай жана курч. Токтогулдун ырларындай лирикалуу жана шайыр болгон. Мындай өзгөчөлүк жалгыз Арстанбектин касиетинде болуп, ал доордогу башка акындардын ырларынан бул касиет чанда гана учурайт. Мына ошондуктан эл Арстанбекти “Булбулум” деп атап, ал доордогу акындардын ичинен андан башка эч ким булбул атка коно алган эмес”, - деп мүнөздөгөн.

Кеп удулунан улам ушул жерде колониалдык доордогу ырчылар поэзиясынын “таңкы чолпон жылдызы” Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармаларын жазып алуу иштери өткөн кылымдын 20-30-жылдары башталып, бирок аягына чыкпай калганын, бул ишке алгач Каюм Мифтахов (1892 – 1949) киришип, бир топ чыгармаларын жазып алганын белгилей кетүү керек. Кийин бул ишке Кабай Абдыракман уулу тартылып, бир топ чыгармаларын кагазга түшүргөн. Акындар чыгармачылыгын изилдөөчү Батма Кебекованын маалымдашынча, ал “1914-жылы Чоң Кеминде туулган. Арстанбектин ырларын жаштайынан өз атасы Абдыракмандын, кадимки Мураталынын оозунан угуп жүргөн” болуу керек. Өкүнүчкө, сталиндик репрессия мыкты мугалим, жыйноочуну кыйгап өтпөй, 1937-жылы атылып кеткен. Анын түрмөдөн жазгандарын бийликтен корккон ата-энеси кийизге ороп, короонун четине көөмп коюшуптур.

“Алардын көзү өтүп, эч ким билбей калат. 1992-жылы жер айдоо убагында капилеттен жарыкка чыгат. 60 жыл көмүлүп жаткан асыл мүлктүн кийинки абалын көз алдыга элестетүү анча деле кыйын эмес. Ошол кагаздардын арасында катылып келген улуу Арстанбектин мурасын биз көп убарачылык менен колубузга тийгиздик”, - деп жазган Батма Кебекова.

Тазабек Саманчин Арстанбек акын “Кожожаш”, “Берди кожо”, “Беш казак”, “Чоро” деген жомок-поэмаларды айтканын, чоң комузчу болгонун, 500 жакын күү черткенин замандаштары эскергенин белгилеген. “Мунун ичинен бир далайы өзүнүн төл чыгарма күүлөрү болуу керек”, - дейт Т.Саманчин. Залкардын “Тoлгоосу”, “Мендирманы”, “Камбарканы”, “Айганы”, “Какмасы”, “Тили бурусу”, “Кер өзөнү”, “Кой бөлөрү”, “Манасы” ж.б. чыгармалары өнөрпоздорго маалым. Арстанбек акын “Керээз” деген ырында:

Акын өлсө не калар?

Айталбаган сөз калар,

Ырдалбаган ыр калар,

Чертилбеген күү калар, - деп сөз өнөрүнүн бийиктигин даңазалаган.

Ушул өнөргө өмүрүн арнаганы “алдына киши чыкпаганын”, “капыр келет” дегенден тарта “зарлап ырдай баштаганын”, күндүр-түндүр какшап, муңдуу үнүн баспаганын, мунусу журт башына жакпаганын, казалы “калк кайда басарды, каякка барып батарды” билбей турган кезинде жаралганын ырастаган. Казак акыны Каңтарбай менен айтышында казак, кыргыз ичинен ага “тең келер ырчы жок” экенин, оозу шок, айтышка чыккандар “теңдеше турган сөз таппай” теңселип туруп кетишерин белгилеген. Акын эл менен болушу керектигин:

Кашыгың көлдү сузса да,

Оозуңдан чыккан сөзүңө

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың,

Элден чыксаң жамансың.

Кабарың күнгө жетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү

Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң, - деген.

Казактын айтылуу акыны Сүйүнбай менен айтышында он алты жашында атасынын артынан Анжиянга барып, “комуз чертип, ыр ырдап” ал жерде “Ордонун эркеси” болгонун, “хан датканы пааналап” жүрүп көп акындар менен айтышканын, “комуз күүсү жагынан” андан эч ким алдына өтпөгөнүн, негизи “кодура талдай жанашып, биринен бири талашып, ырчымын деген” өзү көп болорун белгилеп, ырчы комуз күүсүн так келтирип, тайкылыгын көрсөтпөшү керектигин, “термелтип колду бош таштап” күүнү жандырып ийбеши зарылдыгын, санжырага келгенде “оң, сол кыргыз канатын, ундай элеп айтпаган” соң бул ишке асылбаш керектигин айткан. Мунун баары Арстанбектин акындык кредосу, чыгармачылыкка койгон талабы, ыр менен өткөн өмүрүнөн чыгарган жыйынтык-бүтүмү.

Элдин арманы

Арстанбек акындын чыгармачылыгын туу чокусу эсептелген “Тар заман” поэмасы - тарыхтын катаал сыноосуна туш келген шордуу элдин трагедиясын так баяндаган драма, окуган сайын сырлары ачыла берчү терең мазмундуу чыгарма.

Анда кыргыз эли XIX кылымда башынан кечирген тарыхый оор сыноо реалдуу чагылдырылган, кубаттуу империянын кол алдында күнкор болгон элдин санаасы, тарыхый арманы, өкүтү баяндалган, элдин көйүндө эмне турганы жаап-жашырылбай так айтылган. Көнүмүш жашоо ыңгайы бузулуп тили, дини башка кубаттуу элдин көзүн карап, жеринен ажырап, көз каранды турмушка кабылган элдин арманын, айтып түгөткүс күйүтүн ырга салган. Поэмада бүтүндөй бир доордун көркөм документи камтылган. Мына ушул жагдайды Тазабек Саманчин жогоруда аталган эмгегинде туура белгилеген:

“Арстанбек кыргыз эли башынан өткөргөн бир топ алааматы күчтүү капсалаңы катуу, кан төгүлгөн кызыл кыргындуу күндөрдү көрөт. Хандардын башы кесилип, менменсинген эрлер өлүп кетет. Кыргыз жерин катын-баланын ыйы, эр-азаматтын үшкүрүгү басат. Заман кыйчалыштап, олку-солкусу көбөйөт. Арстанбекке ушул заман кыйчалыштаганы менен гана бүтчүдөй түрү көрүнөт. Бул кезде тили, дини башка, тыбы мыкты, күчтүү жоо кыргыз жерине жакындап келип калат. Бул орус падышалыгынын кабары кыргыз элине абыдан катуу угулат. Эл арасында капсалаң катуу жүрөт. Орусия падышалыгынын экспедициялык аскерлери кыргыз жерине угулган дүмөктүү кабары менен кошо жетет. Көчмөндүү эл удургуп ары кетет, бери кетет. Малы, башы чачылат. Ансыз эле мындан мурун чабылып, чачылып, тукулжураган эл акырында орус падышалыгына айласыздан баш ийип берет. Арстанбек замандын ушундай түрүн көрүп туруп, “Тар заман” деген поэмасын ырдаган”.

Арстанбек акын “Тар заманды” өмүрүнүн акырына чейин ырдаган, шарт-жагдайга жараша чыгармага бир топ өзгөртүүлөр киргизген. Бирок акындын айтайын деген негизги ою, ошол эле учурда чыгарманын көркөмдүгүн, таасирин арттыра турган ыктуу деталдар кошулган болуу керек. Тазабек Саманчин: “Арстанбектин көзү өткөндөн кийин поэма көп бурмаланып бузулган”, - деген кескин бүтүм чыгарган.

Чыгарманын калыптанып калган тексти кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, кийинки муун аткаруучулар тарабынан кандай алымча-кошумчалар киргизилгенин так айтыш кыйын. Аны менен катар Тазабек Саманчиндин айрымдар өзүнүн ырларын, байкоосун кошуп жиберген, ошондон поэманын “алгачкы түрүнүн тарпы гана калган” деген бүтүмүнө да ишениш кыйын. Бул жерде бир нерсени ачык айтууга болот. Арстанбек акындын “Тар заманында” кыргыз коомунун социалдык портрети таамай тартылган, күчтүүсү алсызын басып алган “азуулууга бар замандын” социалдык портрети элестүү тартылган.

Ушу заман – тар заман,

Азуулууга бар заман.

Бечарага зар заман.

Заманың келди жакындап,

Тайган иттей такымдап.

Карагайдын таңында,

Элик болду элибиз.

Каптаган тузду көтөргөн,

Көлүк болду элибиз.

Башка чапса былк этпес,

Өлүк болду элибиз.

Орус империясына айласыздан баш ийип, мурдагы ээн-жайкын жашоодон ажыраган элдин мойнуна илинген күнкорлукту, күчтүүнүн көзүн карап жашоонун азабын ошол оор заманда жашаган акын гана таамай сүрөттөп бере алат. Арстанбек акындын “Тар заманын” угармандар кандай кабыл алышканын Тазабек Саманчин ошол кезде токсондон ашкан Талып Молдонун эскерүүсүнө таянып минтип жазганы бар:

“Кары-жаш дебей отургандардын баарын ыйлатты. Анан ыйлаган элди сооротуп, кайта каткырып күлдүрдү. Бир кезде кара нөшөр жамгыр жаады. Үйдөн орун тийбей, тышта отургандар төөнүн комун, кап, кементай жамынышып уга беришти. Кызып алган Арстанбек ырын бирде ошол кара жамгырдын нөшөрүндөй төгүп, күн күркүрөгөндөй удургутуп, бирде чайыттай ачык асмандан тийген күндүн илебиндей ыры менен элди жылытып отуруп, кызыл күүгүм киргизди. Жыйылган эл Арстанбек ырын угуп отура берип, өрүштөгү малы эстеринен чыгып кетсе керек, Арстанбек ырын токтотуп, “кеч кирди, эми малыңарды тейлеп алгыла” деген кезде гана эстерине келип, ырга маашыр болгон эл кынжылып зорго тароого бет алды.

Мурун далай эле ырчыларды көрдүм, далай эле ыр уктум. Бирок ыраматылык Арстанбектей кыябына келтирип ырдаган татыктуу ырды уга алганым жок”.

Арстанбек акын өзүнө замандаштарынын арасынан ырчылык, комузчулук, айтуучулук жагынан кыргыз-казактан теңдеш чыга албасын жакшы билген. Катаал заманда, тарыхый кысталыш чакта жашаган өнөрпоз айланасында болуп жаткандарга кайдыгер байкоочу катары караган эмес, төгүлүп ырдап калк көмөкөйүндөгү сөздү айткан. Көчмөн доордун көнүмүш жашоо ыңгайы тарыхый сыноого кабылып, эңгезер орус империясынын кол алдында күнкор жашоого айласыз барып жатканын, заман аңтар-теңтер болуп, кечээги көргөн бүгүн жок болуп жатканын көзү менен көрүп, жон териси аркылуу сезген. Зирек акыл менен сергек туюмга ээ акын табият берешендик менен ыроологон талантын элдин рухий муктаждыгы менен кызыкчылыгына багыттаган. Тарыхтын туткасы эл, караламан калк, көпчүлүк экенин, ошону таамай туюнткан акын гана мезгил сыноосунан тайгылбай өтөрүн билген. Ал туюму Арстанбек Буйлаш уулун алдаган жок, эчен тоскоол, каршылыктарга карабастан көөнөрбөс мурасы улуттук табериктердин катарына кирди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG