Президент Садыр Жапаровдун ант берип, мамлекеттеги эң жогорку кызматты расмий аркалай баштаганына 28-январда туура бир жыл болду.
Бул аралыкта өлкөдө Конституция жаңыланды, өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрдү, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы ишин баштады. Президенттиктин алгачкы жылында эле Жапаровду катуу сынаган учур - жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал болду.
Былтыр 10-январда өткөн шайлоодо Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 80% жакынынын колдоосун алып, мамлекет башына келди. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышкан.
"Мага Кыргызстан оор убакытта тийди"
11-апрелде президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзам элдин добушуна коюлду. Жапаров аткаруу бийлигинин башында өзү туруп, өлкөдөгү ар бир тармакка жеке жоопкерчилик аларын айткан:
"Оор жүктүн салмагын сезип турам. Мага Кыргызстан оор убакытта тийди. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө демилгелерим бар, саясий эрким да жетет", -деген ал.
Ар кандай талкуу, талаш-тартыштарга, каршылардын акцияларына карабай апрель айында өткөн референдумда добуш берүүгө катышкан 37 пайыздан ашык шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдоду.
Ошентип, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң чөлкөмдө жападан-жалгыз парламенттик башкарууга багыт алганын жарыялаган Кыргызстан президенттик башкаруу системасына кайтты.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктары кеңейди. Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го түшүрүлдү, парламент бир мандаттуу жана партиялык тизме менен шайланып келген депутаттардан куралды. Мыйзам чыгаруучулар коалицияга биригип, өкмөт түзүү укугунан ажырады.
"Мындан ары саясий куугунтук болбойт"
Президент Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде "мындан ары саясий куугунтук болбойт" деп кесе айткан.
Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу деген суроосуна Жапаров "Абдил Сегизбаевге карата кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун" билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттик шайлоодо Жапаровго атаандаш болгон Абдил Сегизбаев жыл башында "Белизгейт" иши боюнча камалган.
Мамлекет башчылыгына ат салышкан дагы бир талапкер Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алууга” шек саналып августтан бери камакта отурат. Ал бийликтин саясатын кескин сындап жүргөн.
Жеңиш Молдокматов 2020-жылкы октябрь окуяларындагы башаламандыкты уюштурууга айыпталып камалган. Үч саясатчыга тең сот өкүмү чыга элек.
Ал эми активист Тилекмат Кудайберген уулу “бийликти басып алууга чакырык”, “добуш сатып алуу” беренелери менен бир жарым жылга абакка кесилген. "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыпталып камалган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов жакында эле үй камагына чыкты. Ал дагы бийликти кескин сындап келгени менен белгилүү.
Аталгандардын бардыгы тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.
УКМК 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Атайын кызмат кармалгандар миңдей адам топтоп, шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жаткан деп маалымдаган. Көп өтпөй соттун чечими менен, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрү эки айга камалган. Кармалгандардын жакындары мындай дооматтар негизсиз экенин айтып жатат.
Ал эми 31-июлда Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына "Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек!", - деп жазган.
Коррупцияга каршы күрөш жана "кустуризация"
Садыр Жапаров бийликке келгенде жемкорлор менен күрөштө эч кимге аёо жоктугун жарыялаган. Кыргыз бажысындагы ири коррупциялык система түзүп, аны көмүскөдөн башкарып турганы аныкталган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун сазайын кыска мөөнөттө бере турганын да убада кылган.
Көп өтпөй, атайын кызмат Матраимовду эки жолу кармап, эки жолу кайра бошотту. Ал мамлекетке келтирген зыянын төлөөгө макул болуп, бюждетке 2 млрд. сом төккөнү кабарланган.
Жапаров президент катары толук ишке киришкенден кийин, былтыр 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сом айып салды. Коомдогу нааразылыктарга карабай, 15-апрелде УКМК Матраимовдун үстүнөн жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулуп, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганын билдирген.
Жапаровдун бир жыл ичиндеги башкаруусунда коррупцияга каршы күрөш ураанынын астында башка ондогон аткаминерлер кармалып, көбү айыппул төлөп жазадан кутулду же үй камагына чыкты.
“Кумтөр ишинин" алкагында мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-спикерлери баш болгон аткаминерлер камалып, кайра чыгышты. Бул иштин алкагында мурдагы президент Аскар Акаев былтыр жайда Бишкекке учуп келип, бир жума сурак берди. Жыл соңунда экинчи жолу келип, кайра суралды.
15 жылдан бери мекенине келе албай жүргөн Акаевге эми эркин келип-кетүүгө жол ачылгандай.
Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калды.
Башкача айтканда, бир жылда 20 сап ылдыйлап, Африканын Камерун жана Уганда мамлекеттеринин көрсөткүчтөрү менен теңелди.
Transparency International уюмунун өкүлү Алтынай Мырзабекова мунун себептерин мындайча түшүндүрдү:
“Биз өткөн жылы иликтөөчү журналисттерге, антикоррупциялык активисттерге чабуул болгонун көрдүк. Укук коргоо органдары коррупцияга каршы иликтөөлөрдү баштады, бирок алар аягына чыккан жок. COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдардан келген финансылык жардамдарды кантип иштеткенин ачык айтпады. Жарандык активисттер, катардагы жарандар да ал тууралуу маалымат алышкан жок. Жалпы жонунан коррупциянын эң негизги себептери болгон ачык-айкындуулуктун жоктугу ошол боюнча кала берди. Отчеттуулук, чынчылдык механизми, кирешелерди декларациялоо жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча талаптар оңолбогон бойдон калды. Сотко ишенимдин жоктугу, укук коргоо органдарынын калыс эместиги мына ушул нерселер да бар. Мунун баары Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да мүнөздүү көрүнүш”.
Кенден түшкөн миллиондор жана экономика
Садыр Жапаров бийликке келген маалда экономикалык абал көңүл жылытарлык эмес эле. Ал 5-майдагы элге кайрылуусунда экономиканы аянычтуу акыбалда колуна алганын белгилеген.
"Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат".
Бир жыл ичинде пандемиядан кийинки чектөөлөрдүн алынышы, соода жүгүртүүнүн эсебинен экономикалык көрсөткүчтөр мурдагы жылга караганда жакшырды. Бирок инфляциянын өсүүсү 9,7% түзүп, базарда баа кымбаттады. Мындай шарт Садыр Жапаров үчүн президенттик мөөнөтүндөгү сыноолордун бири болуп калды. Анткени азыркы Баш мыйзам боюнча аткаруу бийлигинин башында президент туруп, экономикалык абалга түзмө-түз жооп берет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүү, фискалдык реформаларды ишке ашыруу боюнча аракеттер активдүү экенин айтып келет.
Садыр Жапаров кызматка киришкен күндүн эртеси кол койгон алгачкы жарлыктарынын катарында экономикага тиешелүү “Менчикти коргоо, ишкердикти жана инвестицияны колдоо" тууралуу документтер бар эле.
Президент муну менен мамлекеттик үлүш киргизүү жана инвестиция менен инвесторлорду коргоону убада кылган. Буга карабай жыл бою Эл аралык ишкерлер кеңеши, Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту жана башка уюмдар өлкөдө бизнеске кысым токтобой жатканын айтып келет.
Садыр Жапаровдун бир жылдык президенттик мөөнөтүндө өлкө эгемендик алгандан бери чырдын бутасында калган Кумтөр алтын кенинин тагдыры чечилгендей болду.
25 жылдай канадалык инвестор иштеткен Кумтөргө былтыр жазда сырттан башкаруу киргизилди.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, былтыр Кумтөрдө 14 жарым тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Кенге сырттан башкаруу киргизилгенден бери алтын сатуудан 621 миллион доллар каражат түштү. Бирок расмий маалыматта Кумтөрдүн алтынын кимдер сатып алып жатканы айтылган жок.
Декабрь айында Садыр Жапаров кыргызстандыктар Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылы көрө турганын, алтын кен 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын билдирген.
3-январда “Центерра Голд” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган. Анда "Центерра Голддогу” Кыргызстанга таандык 26,1% акцияны канадалык инвесторлорго өткөрүп берүү жана соттук териштирүүлөрдү токтотуу сыяктуу шарттар жазылган.
Азырынча кыргыз бийлиги кандай тыянакка келгени айтыла элек. "Вечерний Бишкек" басылмасында 17-январда жарыяланган маегинде Садыр Жапаров.
"Кудай буюрса, жазында бүтүрөбүз. Кумтөр бизге өткөнү түшүнүктүү. Бизге Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөнүн суроолоруна жооп бергени пайдасын тийгизди...Толугураак кийинчерээк айтам. Азыр эмес", - деп билдирген.
"Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат"
Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясына жасаган видеокайрылуусунда да Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын баса белгилеген.
Анткен менен саясий серепчилер "бул жөн гана сөз экенин" айтып, кыргыз бийлигинин демократиялык баалуулуктарды сактап жатканын кыргызстандыктар жон териси менен сезиши керек деп эсептешет.
"Отуз жыл бою президенттердин баары эле "демократия куруп атабыз, демократиядан тайган жокмун" деп айтып, туура эмес кадамдарын моюнуна алышкан эмес. Бул президент деле туура жолдо кетип атабыз деген менен ага каршы аракеттер байкалды. Ошонун баарынын ичинде мыйзамдык инвентаризация деген чоң иш-чаранын ичинде кооптуу, артка тарткан кадамдар болуп жатат", - деди саясий серепчи Эмилбек Жороев.
Мыйзам демекчи, Садыр Жапаров мурдагы бийликтердин тушунда кол коюлбай келген бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга жана фейктерге каршы делген “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамга кол койду.
Укук коргоочулар, жарандык активисттер сөз эркиндигин чектөөгө жол ачкан мыйзамдар шашылыш кабыл алынганы, буга чейинки жетишкендиктерди жоготуу коркунучу бар экенин айтып келет. Ал эми Евробиримдиктин өкүлдөрү аталган мыйзамдардын кабыл алынышы эл аралык конвенциядагы Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келерин белгилешкен.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү өлкөдө жарандык эркиндиктер, анын ичинде сөз эркиндиги корголот деп убада берүүдө.
"Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Сөзсүз түрдө коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп аткан болсо болушам", - деп билдирген Жапаров президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин.
Анткен менен байкоочулар бир жыл ичинде сөз эркиндигине чабуул күчөгөнүн белгилеп жатышат. Алар жакында эле болгон Temirov LIVE деп аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темировдун жана төкмө акын Болот Назаровдун кармалышын мисал келтиришет.
22-январда Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.
Анын алдында аталган канал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. "
"Сөз эркиндигине аябагандай чоң чабуул болуп жатат. Биринчи кезекте укук коргоо органдары бардыгы мурда болуп көрбөгөндөй жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттерди, саясий оппоненттерди куугунтуктоону аябагандай күчөтүп алды. Бир гана аларга эмес, алардын жакындарына, бир туугандарына, жардамчыларына өткөн. Менин өзүмдүн дагы ушундай башымдан өтүп жатат, учурлар көп болуп жатат", - деди саясатчы Равшан Жээнбеков. Ал баш аягы бир жылдай абакта отуруп жакында эле чыкты.
Аялдардын укугу жана гендердик саясат
Мамлекет башчысы аялдардын укуктары боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, аларга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктун түпкү себеби - акыркы 15-25 жылдагы экономикалык кыйынчылыктарда, миграциянын күчөп кеткендигинде экенин белгилеп, бул жаатта атайын программалар ишке кирерин белгилеген. Азырынча ал ишке аша электей.
Ал эми 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда гендердик тең салмактуулук бузулуп жатат дегенди четке каккан.
"Гендердик баланс боюнча Кыргызстанда коркунуч бар дегенден кудай сактасын. Аялдар ээн-эркин эле жүрөсүңөр. Каалаганыңарды кыласыңар, эч ким эч нерсе деген жок".
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы сегиз миңге чукул үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 30% көп.
Ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар өз баяндамаларында "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандынын Бишкектен уурдалып, Түркияга жеткирилиши үчүн бийликти сындап келет.
Президенттин маалымат кызматы жарыялаган сүрөттөр
Тышкы саясат жана чек ара
Президенттик кызматка киришип жатып Садыр Жапаров көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүнү убада кылган. Ал алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусиядан баштады. Андан бери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия сыяктуу өнөктүш өлкөлөргө мамлекеттик жана жумушчу иш сапарлар менен барып келди.
Бул визиттер таанышуу форматында болгону менен чоң убадалар да айтылды. Маселен, Ташкентке барган учурда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштерин үч айда аяктоо, Кыргызстандагы ири энергетикалык объектилерди биргелешип куруу макулдашылганы айтылган. Бирок, бул убадалар иш жүзүндө ишке аша элек. Саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаров президенттикке келгени Орусияга көз каранды эмес саясат жүргүзүп жатканын белгиледи.
"Орусия менен болгон саясатыбыз Садыр Жапаров келгени бир топ эгемендүү болуп калды. Бул биз үчүн аябай маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири. Биз буга чейин Орусияга аябай көз каранды болуп келгенбиз. Саясий жактан, экономикалык жактан азыр ушул багытта кадамдар болуп жатканын байкасак болот. Менимче, бул жетишкендиктердин бири. Кытай менен мамиле жакшырды. Бээжин мурда деле бизге жардам берип келген, бирок жаңы президент келгени каржылык жардамдар көбөйдү. Андан башка дагы азыр темир жол, газ чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатканы көрүнө баштады".
Ал эми саясий эксперт Сейтек Качкынбай тескерисинче президент тышкы саясатта "жалгызсырап турат" деген ойдо:
"Жалгызсырап турганы байкалат. Батыш мененби же Орусия мененби же кайсы бир өлкө менен кызматташып, алгылыктуу колдоого ээ болгон жок. Бул реформаларды кылганы жатам деп колдоп койгула деп аларга кайрылганы да байкалбайт. Ички саясат тууралуу айтсак, бийликти толугу менен колуна алды. Жоопкерчиликти моюна алганы көрүнүп турат. Ага каяша айта турган оппозиция деле жок. Экономикалык абал тууралуу айтсак, абал оор. Дүйнөлүк банктын маалыматында Кыргызстанда жакырлардын саны 26 пайыздан 32% өскөн экен. Transparency International уюмунун изилдөөсүндө коррупция боюнча 144-орунга көтөрүлгөн экенбиз, демек жемкордук тыйылган жок. Сөз эркиндиги боюнча "Фридом Хаус" уюму бизди Казакстан сындуу толук эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту. Садыр Жапаровго карата элде дагы бир жылдай үмүт бар. Шайлагандар жылыш болобу деп күтүп жатат. Калганын убакыт көрсөтөт" ,- дейт Сейтек Качкынбай.
Президенттиктин алгачкы жылында эле Жапаровду катуу сынаган учур - жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал болду. Эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салуу боюнча тышкы иштер министрлери жүргүзгөн сүйлөшүүдөн кийин ок атуу токтотулган эле.
Андан бери бир нече сүйлөшүү өтүп, президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө барып келди. Азыркы тапта эки тарап талаштуу чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтканы менен конкреттүү жыйынтык жарыялана элек.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев чек ара маселесин өтө кылдаттык менен гана чечүү керек экенин белгиледи:
"Чек ара көйгөйүн тынчтык жол менен жөнгө салуу кылдаттыкты, өтө күчтүү экспертизалык аракеттерди талап кылат. Тилекке каршы бийликте ошондой күчтүү абройлуу дипломатиялык күчтөр, команда болбогону байкалат. Сүйлөй салып чечүүгө болбойт. Президенттин тегерегиндеги кишилердин эпатажга алдырып, резонанстуу сөздөрдү сүйлөгөнү менимче туура эмес стратегия", -деди ал.
Баткендеги чек ара чыры 27-январда дагы кайталанды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын "атайын жасалган чагымы" деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.
Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.
Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.
Климаттын өзгөрүшү жана Глазго сапары
Президент постсоветтик аймактан сырткары Глазгодогу климат саммитине катышты. Анын алкагында кыргыз президенти АКШ президенти Жо Байден баш болгон бир нече батыш лидерлери менен таанышып, айрымдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жапаровдун Глазго сапары Кыргызстандын көп тараптуу дипломатия жүргүзүү саясатынын бир көрсөткүчү болду. Президент 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын айтты.
Мындан сырткары бул жылы расмий Бишкек бир нече жылдан бери пландалып келген "Евробиримдик - Борбор Азия" форумун уюштурду. Экономикалык форум Кыргызстан үчүн Глазгодогу климаттык саммиттин логикалык уландысы болуп калды.
Садыр Жапаровдун бул жыйындагы демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялады.
Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында уюмга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Мындан тышкары, 93 мамлекет бул документти колдогон.
Бул Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт” деп аталган биринчи резолюция, 23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынган.
Аконит, социалдык тармактар жана спорт
Буга чейинки президенттерден айырмаланып, Садыр Жапаровдун кеңсеси өкмөт үйүндө жайгашты. Президенттин коронавирус жуктуруп алгандарды Ысык-Көл тамыры –уу коргошун (аконит) чөбү менен дарылоо сунушу коомчулукта кыйла талкуу жаратты.
Саламаттык жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыккандарды аконит тундурмасы менен дарылоону сунуштап, бул президенттин демилгеси экенин жана бейтаптарды дарылоодо дозаны аныктоо үчүн президенттен кеңеш сурап жатканын айткан.
Ага карабай президент коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алып, жарандарды да эмделүүгө социалдык тармактары аркылуу тынбай чакырып келет. Социалдык тармактар демекчи, Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан бардык маанилүү же коомдо талаш-тартыш жараткан окуяларга Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу өз пикирин билдирет. Ошондой эле тиги же бул мыйзамдар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү жазат. Ортодо өзүнүн селфи-сүрөттөрүн коюп турат.
Анда мында президенттин расмий баракчасында коомчулукта суроо жараткан посттор бөлүшүлүп, бир-эки мүнөткө жетпей кайра өчүрүлгөн учурлар болду.
Садыр Жапаровдун спортко болгон мамилеси тууралуу айта кетпесек болбойт. Ал быйыл Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдешке өз администрациясынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн командасы менен катышты. Андан тышкары 1-январда Ысык-Көлдөгү Каракол базада зуулдата лыжа тээп, чет элдик туристтерди Кыргызстанга чакырды.