Бийликти сындап жүрүп, ар кандай беренелер менен камалаган саясатчылардын көпчүлүгү бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев Германияга элчи кызматына дайындалды. Саясий айдыңдагы мындай жүрүштөр бийлик менен оппозициянын ортосундагы диалог түзүлгөнүнөн кабар береби? Өлкөдөгү оппозициянын абалы кандай?
2021-жылы ноябрь айыларында бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ошол кездеги парламент депутаты Бакыт Жетигенов баш болгон Бекназар Купешов, Алмаз Сарыбаев,"Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрү ар кандай шарт менен бошотулган.
Чүйдөгү кармалган 15 активисттин аты-жөнү толук айтылган эмес жана учурда канчасы бошотулуп, канчасы абакта жатканы белгисиз.
Өткөн жылдын декабрь айында саясатчы Равшан Жээнбеков бир жылдан ашык отургандыктан мыйзам талабы боюнча бошотулган. Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан.
2021-жылы декабрь айында "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренесине айыпталып кармалган экс-депутат Бактыбек Калмаматов бир айдан кийин үй камагына чыкты.
2021-жылы май айында Октябрь окуяларына байланыштуу кармалган саясатчы Жеңиш Молдокматов 2022-жылдын 2-февралында үй камагына чыгарылды. Бир күндөн кийин бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асанов дагы үй камагына чыкты. Асанов 2021-жылы сентябрь айында кармалган.
"Позициядан тайбайбыз"
Жогорудагы санап өткөн саясатчылар өздөрүнүн камалышын “саясий куугунтук” катары карап, тагылган айыптарды четке каккан. Алардын арасында өткөн президенттик жана парламенттик шайлоого катышкан Равшан Жээнбеков, Бактыбек Калмаматов жана Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровдун бийлигин кескин сындаган саясатчылар.
Алар үй камагынан чыгарылгандан кийин эч кандай саясий соодалашуу болбогонун билдиришкен.
2-февралда үй камагына чыккан саясатчы Жеңиш Молдокматов сот залынан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, позициясынан тайбай турганын айтты.
"Түрмөдө отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин колдоп турган элиме, колдоочуларыма, өзгөчө журналисттерге рахмат айтам. Буюрса үйгө чыктым, мындан ары кайрат күч менен эл-жерибизге кызмат кылганга даярбыз. Эч качан позициядан дагы, принциптен дагы тайган эмеспиз. Баарына рахмат”, - деди ал.
Бийлик жумшардыбы?
Бир катар оппозициялык саясатчылардын үй камагына чыгарылып, президенттин саясий оппоненттеринин бири Өмүрбек Текебаевдин Гераманияга элчи болуп кетишин кубаттагандар бийликтин бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырууга аракети деп баалап жатышат.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин өлкөдөгү азыркы жагдай ички ынтымакты талап кылат деген пикирде.
“Кандай болгон күндө дагы Кыргызстандын алдындагы тобокелдик, азыркы жагдай ички ынтымакты талап кылып жатат. Ошондуктан азыркы камактан чыккандарды саясат менен байланыштыра турган болсок, абдан туура болду. Азыр негизи саясатты жыйыштырып, экономика менен алектенели. Өмүрбек Текебаевдин элчи болгонун колдодум, ал эми президенттин өкүлү болду. 20-30 жылдан бери кечке эле оппозиция боло бербестен, топтогон тажрыйбасын Кыргызстанга багыттайт. Оппозиция парламентте болушу керек. Учурда элдин батасын алып келген жакшы оппозиция парламентте бар”, - деди ал.
Жогорку соттун төрагасы кызматына президент сунуштаган талапкер Замирбек Базарбеков 2-февралда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү. Оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтотулушу керек деген пикирин айтты.
Камакта кимдер калды?
Айрым серепчилер сын пикир айткан саясатчыларга кылмыш иши козгоп, камап, кайра үй камагына чыгарууну башкаларга бийликтин эскертүүсү деп баалап жатышат. Саясат талдоочу Айданбек Акмат уулунун пикиринде учурдагы бийлик саясий эркиндикти толук камсыз кылган жок.
“Ачык саясий куугунтук менен камалган Молдокматов, Асанов, Калмаматов ушул бийликтин тушунда камалды. Бийлик өзүм билемдик менен камап койду. Тилекмат Күрөңов деген чыга элек. Камакта дагы бир топ саясатчылар бар. Алар мурунку бийликтин тушунда камалган, жоопкерчиликти бизде жок деп ойлошот. Абактан чыккан саясатчылардын иши бүтө элек, эми дагы тергөө иштери жүрөт. Мизибизден кайтпайбыз дегендери дагы бар. Бирок, аларга эгерде ишмердүүлүгүңөрдү уланта турган болсоңор, "таарынбайсыңар" дегендей эскертүү болушу мүмкүн”, - деди ал.
Бир нече кылмыш ишине айыпталган мурунку президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар абакта жатат. Айрымдары үй камагында. Атамбаевдин жакын санаалашы, президенттин мурунку аппарат жетекчиси Фарид Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Ал абактан бир нече кайрылуу таратып, өлкөдө бийлик алмашканы менен эч нерсе өзгөргөн жок деп жазган.
Ошондой эле 2021-жылы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровду кескин сындаган талапкер, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев"Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде өткөн жылы январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.
Бийликти сындап жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.
Аны сот “бийликти басып алууга чакырык”, “добуш сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга абакка кести. Ал учурда Чүйдөгү №27 колонияда жазасын өтөп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев 2-февралдагы жыйында жаңы Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, шектүү бир жылдан ашык тергөө абагында отурбашы керек экенин айтып, Фарид Ниязовду бошотууга чакырган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкөдө тергөө абагында узак мөөнөттө жаткан шектүүлөр көп экенин белгилеп, абактарда арасат абалда жаткан тажрыйбаны токтотууга чакырат.
“Тергөө абактарында өтө ооруп жаткандарды дагы үй камагына чыгарып, анан тергөө жүрүш керек. Алар эч кайда качып кете албайт. Ошол эле Атамбаев эки жылдан ашык жатат. Күнөөсү болсо соттош керек. Фарид Ниязовду деле үй камагына чыгарып сурай берсин. Бирок, таанымал эмес кишилерге дагы көңүл бурушубуз керек”, - деди Абдирасулова.
Оппозициянын абалы кандай?
Учурда өлкөдөгү күч органдарына сурак берип жаткан саясатчылар дагы бар. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары онго жакын суракта болуп чыкты.
Мындан сырткары 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсү суракка чакырылган.
Ошондой эле Кыргызстанда жаңы бийликтин тушунда бир топ мурунку жогорку кызматкерлер Кумтөр иши боюнча камалып чыкты. Алардын арасында Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев ж.б. камакка алынып кийин бошотулган.