Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Кармалган журналисттер тергөө абагына жибериле электиги кабарланды


Кармалып, камалган журналисттер.
Кармалып, камалган журналисттер.

Кыйноолордун алдын алуу борбору 16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу соттун чечими чыкканына бир жума болсо да, алигүнчө милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушканын билдирди. Аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун маалымдашынча, анын кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, журналисттер дагы деле ал жерде экенин аныкташкан.

"17-январда Биринч май райондук соту 11 журналисттин баарын тергөө абагына камоо чечимин чыгарса да, алардын баары бүгүнкү күнгө чейин которула элек. Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча сот чечими токтоосуз күчүнө кирип, милдеттүү түрдө аткарууга жатат", - деди Рысбеков.

Кыйноолордун алдын алуу борбору буга чейин эле - 24-январда журналисттердин бөгөт чарасы боюнча соттун чечими чыккандан кийин дагы убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган.

Жаза аткаруу кызматы бул маселе боюнча "Азаттыкка" жооп берип, журналисттердин тергөө абагына которула электигин Ички иштер министрлигинин иши деп билдирген. Маалыматка ылайык, сот чечими чыккандан кийин убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына жеткирүү ИИМдин милдети. ИИМ азырынча буга жана "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG