Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Согушканы үчүн акысын ала албаган штормчулар Путинге кайрылышты


"ШтормZ" согушкеринин эн белгиси.
"ШтормZ" согушкеринин эн белгиси.

Орусия Коргоо министрлигинин "Шторм Z" отрядынын катарында Украинадагы согушка катышып келгендер убада кылынган акчасын ала албай жатышканын айтып, президентВладимир Путинге кайрылышты. Алар ошондой эле соттолгону жоюлганы тууралуу документтер да берилбей жатканына нааразылыгын билдиришкен.

"Важные истории" сайты бул маалыматты штормчулардын катына негиздеп жарыялады. Алардын бири каттын анык экенин ырастап бергени кабарланды.

"Бизге толук реабилитация, же соттолгонубуз жоюлган "ак кагаз" убада кылышкан. Бирок мен билген бир да кишиге аны беришкен жок. Мен абакта 20 жыл отурдум, дагы үч жылда эркиндикке чыгат элем. Кайда барып, эмне менен алек болгонубузду ойлогондо, мен ырайым үчүн ал жакка барбайт болчумун", - деген ал.

Штормчунун сөзүнө караганда, алар Коргоо министрлиги менен толук кандуу келишим түзүлгөн эмес, ыктыярчылардын катарына кирүү үчүн "ДНР" деген аталыштагы көз карандысыз мекеме менен макулдашуу болгон. Жыйынтыгында мурдагы айыпталуучуларга согушта жарадар болгондо берилүүчү акча да берилген эмес.

Аскер кызматкерлери согушта жарадар болгону үчүн 3 млн рубль алышса, "Шторм Z" согушчулары 50-300 миң рубль ала алышат.

"Важные истории" басылмасынын булагы штормчулар согушта эң алдыңкы, чабуул жасоочу катарда жүргөнүн, алардын ичинде абакта кармалып тургандар гана эмес, башка ыктыярчылар да бардыгын айтып берген.

Мурдараак Би-би-синин орус кызматы Украинадагы согушка "ыктыярдуу" катышкандарга президенттин ырайымынын ордуна шарттуу эркиндик берилип, ал эми жарым жылдан кийин "аяктоочу" мөөнөтү согуштун аягына чейин созулуп жатканын жазган.

Би-би-синин "Медиазона" жана ыктыярчылар менен чогуу иликтөөсүндө Украинага каршы согушка түрмөлөрдөн чакырылган сегиз миңден ашуун адам көз жумган. Алардын миңден ашууну "Шторм Z" жана "Шторм V" отряддарынын катарында согушкан.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Согуш башталгандан көп өтпөй, жеке менчик "Вагнер" аскер компаниясы Орусиянын абактарындагы соттолгон адамдарды "ыктыярдуу" түрдө катарына тарта баштаган.

Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" аркылуу барган. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары урушта көз жумганы кабарланган. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

"Вагнердин" башчылары учак кырсыгында каза тапкандан кийин анын ордун "Редут" компаниясы басканы айтылган.

XS
SM
MD
LG