Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

АКШ Сенаты Орусиянын активдерин конфискациялоого макулдук берди


Сенаттын тийиштүү комитети шаршембиде Орусиянын санкциялардан улам токтотулган мүлктөрүн конфискациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Документ кабыл алынса, АКШ бул мүлктү Украинага Орусиянын агрессиясынан келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн берет.

"Украинанын экономикалык жыргалчылыгын жана мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү акты" деп аталган мыйзам долбоорун комитеттин 20 мүчөсү колдоду. Бирөө каршы чыкты.

Долбоор эми жалпы Сенатка, андан ары Өкүлдөр палатасына жиберилет. Алардын макулдугунан соң, президент кол коюп, күчүнө кирсе, бул АКШ өзү согушпаган өлкөнүн активдерин конфискациялаган алгачкы учур болуп калат.

Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Бен Кардин эгер Украинага жардам берилбесе, Орусия аны жеңип чыгышы ыктымалдыгын айтып: "Баарыбыз билебиз, бул бир эле Украина менен бүтпөйт", -деди.

Мурдараак Москва эгер активдерин АКШ конфискацияласа, ага жараша кадамдарга барып, "дос эмес" өлкөлөрдүн Орусиядагы кеминде 288 млрд долларлык мүлкүн ээлеп аларын эскерткен.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан кийин АКШ, Евробиримдик, Канада жана Жапонияда 300 млрд чамалуу орусиялык активдер камакка алынган. АКШнын өзүндө орусиялык байлыктын көлөмү 5-6 млрд долларга жетет.

Орусиянын санкцияланган активдеринин басымдуу бөлүгү Европада. Евробиримдик өлкөлөрү азырынча аны конфискациялоо механизмдерин карай элек, бирок аны Украинага берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG