Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Сот депутат Жамгырчиевдин бөгөт чарасын караганы жатат


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасы бүгүн, 24-январда каралганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирип, учурда депутат сотко барганын маалымдады.

Адвокаттын айтымында, сот анын "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" иши боюнча бөгөт чарасын карайт.

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Эмил Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.

Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда ал чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

XS
SM
MD
LG