Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

Якутияда тажик жараны кармалган окуядан кийин мигранттарга каршы акция өттү


Якутск. 2024-жылдын 24-январы.
Якутск. 2024-жылдын 24-январы.

Орусияда мигранттарга каршы акция өттү. 24-январда Орусиянын карамагындагы Саха республикасынын (Якутия) борбору Якутск шаарында жергиликтүү тургундун өлүмүнө айыпталып жаткан тажик жаранын жазага тартуу, бул кылмышка тиешеси бар башка да мигранттарды кармоо, чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүү талабын койгон ондогон адам көчөгө чыкты.

Полиция акция өтүп жаткан жерге барып, чогулгандардын таркап кетишин талап кылды. Бирок алар акциясын башка аянтка барып улантууну аракет кылганда кагылышуу болуп, айрымдарын күч органдары кармап кетишкени маалымдалды.

Адам өлүмүнө шектелип жаткан 18 жаштагы тажикстандыктын бөгөт чарасы бүгүн каралып, сот аны эки айга камакка алды.

Окуя 21-январда Якутск шаарында болгон. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Тажикстанда туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган Мухамад Одинаев жана 23 жаштагы жергиликтүү тургун ага чейинки күнү шаардагы клубдардын биринде чырдаша кеткен. Кийин жергиликтүү тургун өзү менен кошо бир нече киши алып Одинаевге барган, ошол жерден кайрадан чыр тутанып, ал бычык жеген, ооруканада өзүнө келе албай көз жумган.

Одинаев бул окуяда күнөөсү жоктугун айтууда.

Акцияга чыккандар мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышканы, ал эми диаспора башчылары өз мекендештерине бүгүнчө көчөгө чыкпай, жумушка барбай коё турууну эскертишкени кабарланды.

2019-жылы да Якутияда мигранттарга каршы акциялар өткөн. Кыргызстандын үч жараны 17 жаштагы жергиликтүү кызды зордуктоого айыпталганда көпчүлүк тургундар нааразылыгын билдирип чыккан. Коркутуулардан улам мигранттар бир нече күн көчөгө чыга албай калган. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле кыргыз делегациясынын өкүлдөрү мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.

Ошол окуялардан кийин Якутиянын полициясы борборазиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап, ошол эле учурда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында рейддерди жүргүзгөн.

Якутияда 7 миңден ашуун кыргызстандык жашап-иштейт деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG