Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Хельсинки комиссиясы журналисттердин камалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда журналисттердин кармалышы жана 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүрүп, кылмыш ишинин козголушуна байланыштуу АКШдагы Хельсинки комиссиясынын төрагасынын өкүлү Жо Уилсон жана Кошмо Штаттардын сенатору Бен Кардин тынчсыздануусун билдирди.

Алар биргелешкен билдирүүсүндө журналисттердин кармалышын жана алардын үйүнүн, редакциянын кеңсесинин тинтүүгө алынышын айыптай турганын белгилеп, кыргыз бийлигин “сөз эркиндигине жасалып келе жаткан басымды токтотууга” чакырышкан.

“Кыргыз бийлигинин жасаган аракеттери, анын ичинен 24.kg редакциясынын кеңсесин тинткени жана андагы мүлктү камакка алганы, журналисттерди бүдөмүк жана ойдон токулган айып менен кармаганы терең тынчсызданууну жаратат. 24.kg агенттигине ачык-айкын далилдер жок туруп, “согушту пропагандалоо” беренеси менен айып тагуу сөз эркиндигине түздөн-түз коркунуч келтирет”, - деп айтылат биргелешкен кайрылууда.

Билдирүүдө "мындай көрүнүштөр соңку эки жылда Кыргызстанда сөз эркиндиги кескин начарлап кеткенинен кабар бере турганын" айтышкан. Ошондой эле эркин журналисттерге тилектештик билдирип, кыргыз бийлигин козголгон кылмыш иштерин токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого чакырышкан.

7-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

XS
SM
MD
LG