Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Ошто милиция кызматкеринин сөөгү үйүнөн табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 23-январда милиция кызматкеринин сөөгү өзү жашаган үйдөн асылган абалда табылганын билдирди.

Окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек. Тактоо иштери жүрүп жатканы гана кабарланды.

Азырынча маркумдун жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Маалыматтарга караганда, ал 38 жашта болгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп иштеп жүргөн. Ички иштер органында 2010-жылдан бери иштеген. (DSh)

XS
SM
MD
LG