Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Украин туткундарын ташып баратканы айтылган учактагылардын баары мерт кеткени кабарланды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Орусия украиналык аскер туткундары ташылып бараткан учагынын ичиндегилердин баары мерт кеткенин билдирүүдө. Окуя болгон Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков «Корочанский районунда транспорттук учак кыйрады. Ал калктуу пункттан алыс эмес жердеги талаага кулап түштү. Ичиндегилердин баары каза болду» деп Telegram аркылуу билдирди.

Орусияда 24-январда украиналык туткун аскерлерди алмаштыруу үчүн ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын орус Коргоо министрлиги маалымдаган.

Мекеме билдиргендей, окуя Белгород облусунда болду. Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын 6 мүчөсү жана коштоочу 3 киши) бараткан.

Жергиликтүү басылмалар жарыялап жаткан видеолордон жана сүрөттөрдөн кулап бараткан учактан кийинки жарылууну, түтүн чыгып жаткан жерди аскер кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын, себеби маалымат чогултуу жүрүп жатканын айтты.

«Украинская правда» басылмасы Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып аталган учакты украин аскерлери атып түшүргөнү, себеби аны менен Орусия С-300 системаларын ташып баратканы тууралуу маалымат жарыялаган. Кийин ал кабарды өчүрүп койгон.

Андан мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги ошол аймакта учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.

Украин бийлиги бүгүнкү окуя боюнча азырынча расмий маалымат же комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG