Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18

23-январь: Жер титирөө, "Чет элдик өкүл" мыйзамы, абактагы Мадумаровдун соту


Алматыда жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккан тургундар, 24-январь, 2024
Алматыда жер титирөөдөн кийин көчөгө чыккан тургундар, 24-январь, 2024

23-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кытайдагы катуу жер титирөөнүн толкуну Борбор Азиянын үч өлкөсүнө жетти

Шейшембиге караган түнү Кытайдын аймагында болгон 8 баллдык жер титирөөнүн толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда да сезилди. Түнкү саат 12ден тогуз мүнөт өткөндө Алматы шаарында 5 баллдык, Чымкентте 4 баллдык, Астанада 3 баллдык жер титирөө болгонун коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер силкингени Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 баллга, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 баллга, Нарын шаарында 4 баллга, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин кабарлады. Силкинүүдө Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдарда, Каракол шаарында үйлөрдүн жана эки мектептин дубалдарында жарака кеткени айтылды. Министрлик жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо үчүн жарандык коргонуу комиссиясы түзүлгөнүн маалымдады. Силкинүү Өзбекстандын түндүгүндө - Анжиян, Наманган, Фергана облустарында 3-4 балл жана Ташкент шаарында 3 балл болгону кабарланды. АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудасы 7 деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Чет элдик өкүл" долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду экинчи окууда колдоду. Документте көрсөтүлгөндөй, бейөкмөт уюмдун өкүлү мыйзам бузган учурда үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Бардык коммерциялык эмес уюмдар атайын реестрге катталып, жылына көз карандысыз аудиттен өтүүгө милдеттүү. Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган мыйзам долбоору жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору былтыр 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Саясатчы Адахан Мадумаровдун соту жабык өттү

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда төрт айдан ашуун тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши жабык каралды. Отурум башталар алдында Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, өзүнө козголгон ишти "токулган жомок" деп сыпаттады. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн саясатчыга “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын айткан. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин кайталат келет.

Зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбайт

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. Ошондой эле жыныстык кол тийбестик укугуна каршы кылмыштарга айыпталгандардын жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетүүсүнө шарт түзгөн жоболор жоюлду. Тактап айтканда, мындан ары жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтү, айыпталуучуларга пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү болбойт.

Орусия Киевге жана Харьковго ракета менен чабуул койду

Шейшембиде эртең менен Орусия Украинанын бир катар аймагына, анын ичинде борбор калаа Киевге баллистикалык ракета менен жапырт чабуул койгонун украин бийлиги билдирди. Жалпы өлкө аймагында абадан эскертүү берилди. Саат 14кө карай беш киши набыт болгону кабарланды. Киевде жыйырмадай киши жараат алып, машиналар, көп кабат үйлөрдөгү айрым батирлер талкаланды. Харьковдо үч киши каза болгону, дагы 11 киши ооруканага жеткирилгени, Павлоградда бир кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Орусия бул чабуулдарга тиешеси жоктугун айтууда, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул «Донецкидеги базарга жасалган чабуулга жооп эмес» деп айтты. Өткөн жекшемби күнү Украинанын Донецк аймагынын Орусия оккупациялап алган бөлүгүндө базарда жарылуу болуп, 27 киши каза таап, дагы 25 киши жараат алган.

Израил Газада бир учурда 24 аскеринен ажырады

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) радикал тобуна каршы үч ай мурун согуш баштагандан бери алгачкы жолу эң көп жоготууга учурады. Соңку расмий маалыматка караганда, бир суткада жөөт армиясы 24 жоокеринен ажырады. ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагаринин айтымында, эки имаратта жарылуу болуп, ичиндеги 21 жөөт аскери мерт болду. Ошол жерде турган израилдик танкка граната менен чабуул коюлуп, анда да жоокерлер набыт болду. Айрым маалыматка караганда, израилдик резервисттер эки имаратты жардыруу үчүн жардыргыч даярдап жаткан учурда жанында турган танкка реактивдүү граната ыргытылган. Натыйжада имараттагы жардыргыч иштеп кетип, ичиндеги аскерлер набыт кеткен. Учурда Хан-Юнис шаарында айыгышкан кармаш уланууда. ЦАХАЛ белгилегендей, ХАМАСтын негизги күчтөрү азыр ошол жерде топтолуп турат. Израилдик аскерлер шаардагы оорукананын имаратын толук ээлешкени кабарланган.

XS
SM
MD
LG