Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Иранда митингге катышкан дагы бир киши дарга асылды


Мохаммад Гобадлу.
Мохаммад Гобадлу.

Иранда бүгүн 23-январда өкмөткө каршы акциялар учурунда кармалган 22 жаштагы Мохаммад Гобадлу дарга асылганын «Фарда» радиосу маалымдады. Жергиликтүү сот аны 2022-жылы бийликке каршы митингдер учурунда полиция кызматкерин өлтүргөн деген өкүм чыгарган.

Гобадлунун адвокаты анын өлүм жазасына тартылышын мыйзамсыз деп атап, өлкөнүн Жогорку соту былтыр июль айында «биополярдык жабыркоо» деген диагнозунан улам ага мындай жаза чарасы колдонулбашы керектиги тууралуу чечим чыгарганын белгиледи.

Бирок, «Мизан» соттук маалымат агенттигинин маалыматына караганда, аны кылмыш кылып жаткан учурда мындай психиатриялык диагнозу болгон эмес деген жүйөгө таянып өлүм жазасына тартышты.

Бир нече саат мурда эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Гобадлуга карата мындай «негизсиз жана мыйзамсыз» чара көрүүдөн карманууга чакырган.

2022-жылы күзүндө хижабды туура эмес тагынган деген негизде кармалган 22 жаштагы Махса Амининин полиция бөлүмүндөгү өлүмүнөн соң тутанган, күч менен басылган масштабдуу нааразылык акциялары учурунда 500дөй адамдын өмүрү кыйылган, он миңдеген адам камакка алынган. Демонстранттардын бир нечеси дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG