Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Путинди сындаган саясатчы президенттикке талапкер болуу үчүн 100 миң кол топтоду


Борис Надеждин.
Борис Надеждин.

Орусияда президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Борис Надеждин талапкер болуп катталуу үчүн зарыл 100 миң колун топтой алды. “Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлүп жаткан Надеждин согушка каршы ачык позициясы жана бешинчи жолу президенттикке аттанып жаткан Владимир Путиндин саясатына каршы билдирүүлөрү менен белгилүү.

60 жаштагы Надеждин саясатка 1990-жылдары аралаша баштаган. 2000-жылдардын башында Мамлекеттик думада «Оңчул күчтөр союзунан» депутат болгон.

Анын президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошту. Надеждиндин талапкерлигин колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Надеждин Боршайком «кыйкым издешине» негиз болбошу үчүн кол топтоо дагы уланып, 150 миңге жеткирилерин айтты.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Азыркы тапта талапкерлердин саны 11 киши. Кол топтоо 31-январда жыйынтыктылат. Катталган талапкерлердин тизмесин Боршайком 10-февралга чейин жарыялашы керек. (RK)

XS
SM
MD
LG