Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

Орусия Киевге жана Харьковго ракета менен чабуул койду


Харьков. 2024-жылдын 23-январы.
Харьков. 2024-жылдын 23-январы.

23-январда эртең менен Орусия Украинанын бир катар аймагына, анын ичинде борбор калаа Киевге баллистикалык ракета менен жапырт чабуул койгонун украин бийлиги билдирди. Жалпы өлкө аймагында абадан эскертүү берилди. Саат 14кө карата каза болгондор беш адам экени кабарланды.

Киевде жыйырмадай киши жараат алганы, машиналар, көп кабат үйлөрдөгү айрым батирлер талкаланганы, Харьковдо үч киши каза болгону, дагы 11 киши ооруканага жеткирилгени, Павлоградда бир кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Орусия бул чабуулдарга тиешеси жоктугун айтууда, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул «Донецкидеги базарга жасалган чабуулга жооп эмес» деп айтты.

Өткөн жекшемби күнү Украинанын Донецк аймагынын Орусия оккупациялап алган бөлүгүндө базарда жарылуу болуп, 27 киши каза болгон, дагы 25 киши жараат алган.

Украина бул окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган, муну өзү «атайын операция» деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG