Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Биринчи Май райондук сотунда Мадумаровдун иши каралууда


Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. 23-январь, 2023-жыл.
Адахан Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда. 23-январь, 2023-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши каралып жатат. Отурумга абактагы саясатчы алынып келгенин "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди.

Сотко бир канча күбө чакырылган. Мадумаровго ачылган биринчи кылмыш ишинин алкагында жабырлануучу аталган Чыңгыз Абдымомунов да келген, бирок ал муруңку жараянда көрсөтмө бергенин айтты.

Отурум башталар алдында Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, өзүнө козголгон ишти "токулган жомок" деп атады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен.

Андан сырткары Мадумаров “алдамчылык” беренеси менен да айыпталып жатат. (KS)

XS
SM
MD
LG