Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

Балет жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет


Чолпонбек Базарбаев (солдо) жана Айсулуу Токомбаева "Жизель жана Альберт" балетинде. (архив)
Чолпонбек Базарбаев (солдо) жана Айсулуу Токомбаева "Жизель жана Альберт" балетинде. (архив)

СССРдин эл артисти, белгилүү балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдык мааракеси 26-январда Бишкекте белгиленет. Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлиги Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Анда театрдын солисттери жана балет артисттери, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Н.Түгөлов атындагы "Ак марал" бий ансамблинин артисттери өнөрлөрүн тартуулашат.

СССРдин эл артисти, бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты Чолпонбек Базарбаев өмүрүнүн акыркы мезгилинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын жетектеп турган.

1993-1996-жылдары Кыргызстандын маданият министри, 1996-1998-жылдары билим берүү, илим жана маданият министринин биринчи орун басары, Маданият департаментинин директору кызматтарын аркалаган. Ал 2002-жылы 2-сентябрда Чоң-Арыкка бараткан жолдо авто кырсыкка учурап, 53 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG