Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:06

Орусия порттогу өрт үчүн Украинаны айыптады


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Орусия Балтика деңизиндеги Усть-Луга портунун ишин үзгүлтүккө учураткан ири өрт үчүн Украинаны айыптоодо. Орусиянын Эстония менен чектеш тилкесинде, Ленинград облусунун аймагында 21-январда болгон бул окуя боюнча суроого жооп берип жатып Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Украина жарандык инфраструктурага, жай тургундарга сокку уруп жатат» деп айтты.

«Новатэк» компаниясына таандык суюлтулган газ сакталуучу терминалда чыккан өрттөн эч ким жабыркабаганын, жумушчулар эвакуацияланганын Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко билдирген.

Өрт тутанар алдында ошол аймакта учкучсуз учактар пайда болгону кабарланган. Ал жер Санкт-Петербург шаарынан 110 чакырым батыш тарапта жайгашкан.

«РИА Новости» өрт эки жарылуудан кийин тутанганын, терминалда 100 куб метрлик мунай сакталып турганын жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып кабарлаган.

Окуя Орусиянын Украинага каршы эки жылдан берки согушу уланып жаткан чакта болду. Соңку кезде эки тарап бирин бири дрондор чабуулуна көп айыптай башташты.

Украина орус бийлигин кол салган эки жылдан бери адамдарын өтүрүп, кыш чилдеде энергетика жана башка маанилүү тармактарын бутага алып, украин элинин тайманбастыгын бузууга аракет кылып келатканын айтууда.

Москва 19-январда украиналык дрон Брянск облусунун батышындагы мунай базасына сокку урганын, 20-январда Балтика деңизиндеги мунай терминалына да кол салып, бирок максатына жетпей калганын билдирген.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын чабуулдар тууралуу айыптоолоруна комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG