"Өлкөмдөн качууга аргасыз болдум"
Активист Сагындык Нурымбетов "Азаттыктын" казак кызматына өзүнүн жарандык позициясы үчүн мекенинде куугунтукталып жатканын айткан. Ал азыр Казакстандан качкын макамын сурап, өзбек бийлигине өткөрүп бербөөнү өтүнүүдө.
"Каракалпакстанда башка активисттердей эле акыркы жылдары менин жашоом тирүүнүн тозогуна айланды. Ар бир кадамым көзөмөлдө болчу. Саясий активисттер менен жолугуп же телефондон сүйлөшкөнүмдө милиция үйүмө келчү. Мага эч кандай тергөөсүз эле үй камагына алуу чечимин чыгарып коюшкан. 2021-жылдан бери эки жылдай үй камагында болдум. Милиция үйүмө чейин келип, текшерип турчу. Акыры алардын шарттарына макул болгондой түр көрсөтө баштадым".
Активист ага бийлик Бектемир Каракаскырды колго түшүрүүгө көмөктөшүү талабын койгонун кошумчалады.
Бектемир Каракаскыр деген ысым каракалпакстандык активисттер арасында белгилүү. Нурымбетовдун айтымында, анын ким экенин так өзү да, башка активисттер да билбейт. Бектемир Каракаскыр Каракалпакстанды автономия макамынан ажыратуу саясатына каршы чыгып, Өзбекстандагы режимди активдүү сындагандардын бири экени гана белгилүү.
Аны менен телефондон сүйлөшкөндөр Каракаскырдын орус тилинде эркин сүйлөп, үнүн технологиянын жардамында өзгөртүп турарын белгилешкен.
Сагындык Нурымбетов Каракаскыр менен байланышканын, бирок аны колго түшүрүүгө көмөктөшүү ниети да болбогонун айтат:
"Мен Каракаскырдан жолугушууну сурандым. Ал: "Казакстандан жолугалы" деп жооп берди. Бул билдирүүнү окугандан кийин 2023-жылы апрелде Өзбекстандан качып кеттим".
Ошондон бери Нурымбетов Казакстанда баш калкалап жатат. Ал 2016-жылдын июль айында бул өлкөдө жашоого уруксат берген документтерди алган. Ал кезде Каракалпакстандагы жагдай курчуй элек болчу жана Нурымбетов эки өлкөнүн ортосунда ээн-эркин каттап жүргөн. Анын Казакстанда мыйзамдуу жашоого уруксат документи 2025-жылы декабрда аяктайт.
"Балдарымдын өмүрүнөн кооптоном"
Нурымбетов үй-бүлөсү менен Актөбөнүн четинде чакан үйдө жашайт. Анын артынан былтыр июль айында эки баласы жана жубайы Назыгүл Тлеумуратова да келген. Азыр үй-бүлөдө эч ким иштебейт. Алардын 30 чарчы метрлик үйүндө дээрлик эч нерсе жок.
Үйдүн бурчундагы диванда Нурымбетовдун ортончу кызы Камила уктап жатат. Ашкана кире бериште жайгашкан. Кабарчылар барган чакта ал жерде Назыгүл каракалпак палоосун даярдап жаткан экен.
Жубайлардын төрт баласы бар. Улуу кызы үй-бүлөсү менен Каракалпакстандын Нукус шаарында жашайт. 11-класста окуган кичүү кызы Фатиманын документтери даяр болбой, ал да Каракалпакстанда калган.
"Уулум Буркитбайдын эски машинасы бар, кээде адам ташыйт. Эскилиги жеткен машинанын баары бир түйшүгү көп. Уулум буга чейин Алматыда курулушта иштечү. Жашы 26да. Кызым Камила 21 жашта. Ал да келгенден бери кара жумуш менен алектенет. Жубайым экөөбүз балдарыбыздын тапканын карап отурабыз. Каракалпакстанда калган кыздарыма, туугандарыма санааркайм. Бул жакта болсом деле өзүмдүн, үй-бүлөмдүн өмүрү дагы деле коркунучта. Казакстан менен Өзбекстан чектеш. Форма кийген адамдар каалаган күнү бизге келиши мүмкүн", - дейт Нурымбетов.
"Кыйноого кабылгам"
Сагындык Нурымбетов 2021-жылы 13-июлда Хожейли шаарында митингге катышып, анын катышуучулары Каракалпакстанды өзбектештирүү саясатына каршы чыкканын айтат. Митингге Өзбекстандын премьер-министринин жарнактарды латын арибинде жазуу чечими себеп болгон. Ошол митингден кийин бийлик "активисттерди жапырт жазалай баштады" дейт Сагындык.
"16-июлда мен өзүм Хожейли милиция бөлүмүнө бардым. Үйдө жашынган туура эмес деп ойлодум. Ал жерде мени эки саат бою сабашты. Алар менин бетиме жана денеме мылтык такашты. Эки киши дубалга такап, санга чапкылашты. Согончокко желим союл менен койгулашты. Жүзүн карасаң көзгө, сүйлөсөң оозуго урушат. Мен бөлүмдө алты саатка жакын болдум. Алардын экөө мени сабап жатты. Ошондон бери баса албай калдым", - дейт ал.
Сагындык Нурымбетовдун айтымында, анын басышы оор, сыртка дээрлик чыкпайт. Актөбөдөгү дарыгер Нурымбетов кант диабети менен ооругандыктан анын эки бутун тең ампутация кылуу керектигин айткан.
"Казакстандагы каракалпактык активисттер"
Былтыр Казак бийлиги каракалпакстандык дагы бир активист Тлеубике Юлдашевага качкын макамын берүүдөн баш тарткан.
13-ноябрда Тлеубике Юлдашева Казакстандын Актөбө шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан чыккан. Ташкент бийлигинин өтүнүчү менен кармалган активист бир жылдай тергөө абагында отурган. Чыккандан кийин ал казак бийлигинен өзүн Өзбекстанга өткөрбөөнү өтүнгөн. “Өзбекстанда мени кыйноо менен ыдык күтөт. (Казакстан) бийлигинен качкын макамын берүүнү сурайм”, - деп айткан Юлдашева.
Былтыр 13-ноябрда Актөбө облусундагы чек ара пунктунда аны мамлекеттер аралык издөө жарыяланган деген негизде Орусияга чыгарбай койгондон кийин кармашкан.
2022-жылы июлда Каракалпакстанда болгон кандуу окуялардан кийин Юлдашевага “конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүү” беренеси менен айып тагылган.
Былтыр сентябрда Алматыда кармалган дагы эки каракалпак активист коё берилген. Алар дагы Казакстандан башпаанек сурашкан. Каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбайдын маалыматына ылайык, бардыгы болуп Ташкенттин өтүнүчү менен чет өлкөлөрдө беш каркалпакстандык камалды.
2022-жылы Казакстанда каракалпак активисттери кармалгандан кийин Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда алар саясий куугунтукка, кыйноолорго кабылышы мүмкүн деп эскерткен.
2022-жылы 1-2-июлда Каракалпакстан Автоном Республикасында Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү демилгесинен кийин нааразылык чыккан. Нукус шаарында жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы өткөн ири митингдер күч менен басылган. Расмий маалыматта 21 киши набыт болгону айтылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурактан кийин бошотулган.
АКШ, Евробиримдик, БУУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин ал окуяларды ачык, ар тараптуу жана калыс иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.