Казакстан жакында эле өлкөдө жашаган каракалпак улутунун өкүлдөрү Кошкарбай Төрөмуратов менен Жангелди Жаксымбетовго качкын макамын берүүдөн баш тартты. 2022-жылдын сентябрынан бери алар Өзбекстандын өтүнүчү менен камакка алынган.
Ташкент бул жарандарды “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы аракеттенди” деп айыптап, эл аралык издөө жарыялаган. Ушул тапта Казакстанда жалпы беш каракалпак жараны убактылуу тергөө абагында отурат. Алардын баары Акылбек Муратовдун достору, шериктери.
Муратов - Казакстанда каракалпак диаспорасынын башын кошкон активист. "Азаттык" аны менен соңку кырдаал туурасында маектешти.
35 жаштагы Акылбек Муратовдун кесиби - программист. Ал чет элдеги каракалпак диаспорасынын түптөйм деп ойлогон эмесмин дейт.
Акылбек өзүндө казактын да, каракалпактын да каны бар экенин, буга чейин тегине көп деле кызыкпаганын айтат. Анын айтымында, Өзбекстандын Навои аймагындагы мектепте окуп жүргөн кезинде аны баары «казак» деп, өзү апасы менен үйдө казакча сүйлөшчү экен.
"2013-жылы үйлөнүп, балалуу болууну кыялданганбыз. Ошондо гана "элим ким, балдарыма эмне дейм?" деп ойлоно баштадым. Балдарымдын тамыры жок, тексиз болушун каалабадым".
Муратов каракалпактардын тарыхы жана маданияты жөнүндө эч нерсе билбей турганын түшүнгөн.
“Мен туулуп-өскөн Навои облусу 1936-жылга чейин Каракалпак автоном облусунун курамында болгон. Бирок жергиликтүү каракалпактар тилин, маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн жоготту. Каракалпактардын тарыхын эч кимиси билбейт. 2000-жылдардын башында Өзбекстандын өкмөтү каракалпак мектептерин ача баштаган эле. Бирок бул мектептерде аз гана бала окуду”.
2013-жылы ал пикирлеш адамдарды издеп жүрүп, социалдык тармактан дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда жашаган каракалпактар баарлашкан топту тапкан. Ошол жерден Кошкарбай Төрөмуратов менен таанышкан.
“Алматыда каракалпак диаспорасын ачууну сунуштадым, ал макул болду. Биз топторго билдирүү жөнөтүп, бардыгын Панфилов атындагы сейил бакка чакырдык. Болгону экөөбүз бардык. Бизде ошол кезде тартылган сүрөт да бар. Ошону салып, астына «Алматыда каракалпактардын биринчи курултайы» деп жаздык. Ал кезде менин кеңсем бар болчу. Ар жекшемби күнү каракалпактарды чогулушка чакыра баштадым. Башында жарандар аз эле, биринчи күнү үч киши, кийинки дем алыш күнү беш киши чогулду. Эч нерсеге карабай жекшемби сайын жолугуп турчубуз. 2014-жылга чейин ушундай болчу”.
Муратовдун айтымында, Казакстанда, анын ичинен Алматыда канча каракалпак жашай турганы тууралуу так маалымат жок. Каракалпактардын коомдук жайы алгач Актауда ачылган. Экинчисин Алматыда Акылбек менен Кошкарбай ачкан. 2022-жылы Өзбекстан Актаудагы жамааттын башчысы Ниетбай Оразбаевге издөө жарыялап, аны "бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузууну көздөгөн" деген айып менен 12 жылга сыртынан кескен.
Жаңы бирикменин иши жакшы жүргөн. Жадакалса сайт ачып, каракалпактар тууралуу тарыхый жазууларды жарыялап турушкан. Акылбек каракалпактардын тарыхы, маданияты тууралуу каалагандай маалыматты издеп таап, Кошкарбай которуп турган. Ал эми сайтта онлайн радио да бар болчу.
ТӨРӨМУРАТОВГО КАРШЫ ИШ
2014-жылдын жаз айларында Акылбек Муратов, Кошкарбай Төрөмуратов баш болгон диаспора активисттери Нооруз майрамына карата кече өткөрмөк болот. Иш-чаранын максаты элди ассоциацияга тартуу жана туруктуу уюм түзүү эле. Уюштуруучулар 50гө жакын адам келет деп ойлошкон. Бирок коноктордун саны 180ге жетти. Бул чоң жетишкендик эле. Маданий иш-чара тууралуу кабар Казакстанга гана эмес, Каракалпакстанга да тарады.
Көп өтпөй Орусия Крымды аннексиялап алды. Бул геосаясий күтүүсүз окуя болду. Өлкөдө сепаратисттик маанайдын күч алуу коркунучу Алматыдагы каракалпак диаспорасына терс таасирин тийгизди.
2014-жылы чет өлкөдө жашаган каракалпак активисти Аман Сагидуллаев Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жазып, эгемен Каракалпакстан Республикасын түзүүгө жардам сураган.
“Сагидуллаев "Биз да мекенибизге" кайтууну каалайбыз, Каракалпак АССРи бир кезде РСФСРдин катарында болгон" деп ачык-айкын билдирүүлөрдү жасады. Бул тууралуу маалымат каражаттары, өзгөчө орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Анан көңүл бизге бурула баштады. Сагидуллаев Өзбекстандан сыртындагы этно-маданий борборлор Каракалпакстандын бөлүнүп, өзүнчө мамлекет болушун колдогон көмүскө уюмдар деп билдиргени абалды курчутуп жиберди. Биз эч кандай жашыруун иш менен алектенген жокпуз жана Каракалпакстандын эгемендиги тууралуу билдирүү жасаган жокпуз”.
Акылбектин айтымында, бул нерсе диаспорага дагы таасирин тийгизип, эл саясатка аралашуудан коркуп, уюмдун жыйындарына келүүнү токтотушкан. Уюштуруучулар сайтка "биз эч кандай кыймылга, партияга жана уюмга тиешебиз жок. Бизди каракалпактардын тарыхы жана маданияты гана кызыктырат" деп жазышкан.
2014-жылдын сентябрь айында Кошкарбай Төрөмуратовдун жакындары байланышып, анын апасынын абалы оор экенин айтышкан. Ал үйгө тез жетүү үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, паспортуна мөөр бастырган эмес. Ал шашып, апасы менен коштошууга жетишпей калам деп кооптонгон. Бирок чек аранын ары жагынан Төрөмуратовду атайын кызматтын өкүлдөрү тосуп алышты. Апасы тууралуу кабар жалган болуп чыгып, Кошкарбай чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн камакка алынды.
Акылбек Муратов өнөктөшүнө козголгон ишти саясий себептерге жана бирикмедеги ишмердигине байланыштырат:
“Төрөмуратов 6,5 жылга эркинен ажыратылып, Каршы шаарындагы абакка жөнөтүлгөн. Ал жакта терроризм, саясий экстремизм жана диний себептер менен камалгандар отурат. Абакта карапайым адамдар жок, баары саясий куугунтуктан улам камалгандар. Ал жакка “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген айып менен соттолгондор жиберилбейт. Кошкарбай абакта саясатка, экстремизмге жана динге тиешеси жок берене менен соттолгон жалгыз туткун болчу”.
Кошкарбай Төрөмуратов 2017-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин абактан бошотулган. Төрөмуратов эркиндикке чыккандан кийин блог ачып, саясий жана социалдык-экономикалык маселелерди көтөрө баштаган. Ал эми Акылбек Муратов диаспорадагы ишмердигин улантып, каракалпактарга юридикалык жардам көрсөтүп келет:
“Эл ар кандай көйгөйлөр менен келишет. Мен консулдук менен байланышып, кулчулукка кабылган, документтерин ала албай, жумуштан жараат алган адамдарга жардам берем. Маданий иш-чараларды өткөрөбүз, жыл сайын Нооруз майрамын белгилейбиз”.
«КӨЗ АЛДЫҢДА ТУУГАНДАРЫҢДЫ АЗАПКА САЛЫП ЖАТКАНДАЙ СЕЗИМ БОЛДУ»
2022-жылдын жай айына чейин баары тынч болчу. Өзбекстан Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын эгемендиги тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, 243ү жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.
"25-июнда Капшагайдан (азыркы Конаев шаары – ред.) келе жаткан элем. Машинеде отуруп, соцтармакты ачсам, жаңылык бар экен. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы жарыяланыптыр. Каракалпак топторунда нааразычылык күч алганы, эл Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикирин жазып жатыптыр. Баары мага кайрыла башташты. Үйдө жаңылыктарды карадым, баары "Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин президенттик мөөнөтү узартылат деп жазып жатышат, бирок Каракалпакстан тууралуу бир да сөз жок".
Муратов петиция баштап, Казакстанда жашаган каракалпактардан кол чогултууга аракет кылган. Кийинчерээк Өзбекстандын элчилиги аркылуу Ташкентке жөнөтөм, муну менен Каракалпакстандын статусун өзгөртүүгө көп адамдар каршы экенин көрсөтөм деп ойлогон. Акылбек кол жыйнап жатканда, бир нече киши келди.
"Биз Алматы шаарынын ички саясат бөлүмүнөн келдик дешти. Астанадан телефон чалып, "токтоткула" деп айтышты. Мен эч кандай мыйзам бузган жокмун десем, мамлекеттер аралык мамиле, дипломатия катары түшүндүрдү".
Муратов Нукустагы нааразылык акциясын унута албайт:
"Ошол күндөрү көз ирмеген жокбуз. Көз алдыңда туугандарыңды отургучка байлап, кыйнагандай эле болду. Мунун баарын көрүүгө мажбур болдук.”
Нукустагы нааразылык акциялары күч менен басылган соң, Өзбекстандын коопсуздук кызматкерлери Муратовду жана Казакстандагы башка каракалпактарды тергөөгө чакырды".
Кийин Ташкенттин талабы менен активисттер биринин артынан бири камакка алынган.
Учурда Акылбек Муратов туткунда жаткан Кошкарбай Төрөмуратов, Жангелди Жаксымбетов, Тилеубике Юлдашева, Зиуар Мирманбетова, Раиса Кудайбергенова менен байланышта болуп турат. Баарынын абалы жакшы экенин айтат.
Өзбекстан Путинге кат жазып, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Аман Сагидуллаевге да издөө жарыялап, сыртынан 18 жылга кести.
“Азаттык” Төрөмуратов менен Жаксымбетовго байланыштуу тараптардын, анын ичинде Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин пикирин уга алган жок. Казакстандагы адам укуктары жана укук тартиби боюнча эл аралык бюро качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечими азырынча кабыл алына электигин билдирди.
Ал эми Муратовго «Сиз эмне үчүн дагы эле эркиндикте жүрөсүз?» деген суроо көп берилет.
“Менимче, бул жерде эки фактор бар. Биринчиден, мен укук коргоочулар, журналисттер менен тынымсыз байланышып турам. Жада калса Европарламенттин саясатчылары да мага кайрылышты. Демек, маалыматтык коркунуч жогору. Экинчиси – тил маселеси. Башкаларга салыштырмалуу мен буга чейин каракалпак тилинде видео тартып, каракалпак көрүүчүлөргө кайрылуу жасаган эмесмин. Мен бул жерде дайыма иштечүмүн”.
Өзбек бийлиги Нукустагы нааразылык акциялары үчүн "сырткы күчтөрдү" айыптады. Бул чет жерде, анын ичинен Казакстанда каракалпак активисттерин куугунтуктоого ыңгайлуу шылтоо болгон.
Эл аралык уюмдар жана Евробиримдик Ташкентти Нукустагы окуяны кылдат иликтеп, тынч демонстранттарга ок аткандарды жоопко тартууга чакырды. Өзбекстан бул талаптарды аткарган жок. Укук коргоочу уюмдар да Казакстандан кармалган каракалпак активисттерин Ташкентке өткөрүп бербөөнү суранышты.