Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

ЖКнын Бюджет комитети ЖМК жөнүндө мыйзамды караган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен алды. Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баяндама жасап, мыйзам долбоору талкуулана баштаган.

Депутат Акылбек Түмөнбаев министр келбегенин, мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууланып жатканын жүйө келтирип, аны күн тартибинен алууну сунуштады.

Комитет төрагасы Данияр Төлөнов да маселени кийинки аптада кароону сунуштап, депутаттар колдоду.

"Бул мыйзам долбоору боюнча ЖМКларда талкуу күч. Кийинки жыйынга бул мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасыбы же мүчөлөрү, акыйкатчы да катышуусу керек. Себеби бул долбоордо чектөөлөр көп деп жатышат. Эл аралык уюмдардын, эркин журналисттердин пикири эске алынган жок деп да айтышууда. Эркин журналисттерден да чакыралы", - деди дагы бир депутат Камила Талиева.

Мыйзам долбоору буга чейин эки комитетте да каралбай, күн тартибинен алынган. 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Улугбек Ормонов талкууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирген.

15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапкан.

Документ парламенттин алты комитетине киргизилген.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттоо үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

XS
SM
MD
LG