Ишемби күнү Ирактагы Айн-аль-Асад америкалык аскердик базасына сокку урулду. Агенттиктердин АКШнын аскердик мекемелериндеги булактарына жана ирактык чиновниктерге таянып билдиргенине караганда, базанын аймагына 15тей ракета учурулуп, экөө жарылып, калганы атып түшүрүлгөн.
Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери оор, бир нече америкалык аскер кызматкери жеңил жараат алганын Reuters агенттиги маалымдады. Америкалык аскерлер бул чабуул Ирактын аймагынан, Иранды колдогон куралдуу топтордун бири тарабынан жасалышы мүмкүн деп болжолдоп жатат.
Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Израилге (АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп тааныган) ХАМАС кол салган соң, Газада аскердик операция башталган. АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер кызматкерлери пайдаланып келе жаткан Ирактагы жана Сириядагы аскер базалары иранчыл топтор тарабынан чабуулдарга кабылып келет.
Жүзгө чукул ракета жана дрон чабуулдары ири жоготууларга алып келе элек. Америкалык күчтөр өз кезегинде Ирактагы иранчыл күчтөрдүн объектилерине сокку урган. Ишемби күнкү чабуул Израилдин Сирияга авиачабуулунан Ирандын Ислам революциясы сакчылар корпусунун жогорку деңгээлдеги офицери жана төрт мүчөсү мерт болгон соң жасалды.